Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

В. Путин Кремлде А. Лукашенко менен жолугушту

  • Россия
  • 09.05.2026 13:01

Loading

8-майда Кремлде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москвага келген Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу Крмелдин маалымат кызматы билдирди.

В. Путин: Урматтуу Александр Григорьевич!

Сизди биздин жалпы, менимче элдерибиз үчүн эң башкы майрам — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн алдында көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Бул — совет элинин ошол согуштагы жеңиши.

Тема боюнча

Пашинян Армения ЖККУдан чыгарылса кубанарын айтты. Кремль жооп берди

Пашинян Армения ЖККУдан чыгарылса кубанарын айтты. Кремль жооп берди

24.08.2026

Беларусь — мурдагы Советтер Союзунун согуш учурунда эң көп жапа чеккен республикаларынын бири. Бүгүн Беларусь мамлекетинин башчысы биздин жаныбызда болуп, эртең Кызыл аянттагы салтанаттуу иш-чараларга биз менен бирге катышары символикалуу.

Бизде ар дайым талкуулай турган маселелер бар — экономикага, социалдык тармакка байланышкан маселелер. Тышкы кыйынчылыктарга карабастан, соода көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Жалпысынан абал жакшы.

Мен Сизге акыркы учурда Россиянын экономикасында болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу айтып берем. Жакшы тенденциялар бар, алар биздин Евразия экономикалык бирлигиндеги өнөктөштөргө да, айрыкча Беларусь менен болгон мамилелерге да оң таасирин тийгизет. Анткени айрым багыттар боюнча биздин мамилелер андан да терең.

Александр Григорьевич, Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Кош келиңиз!

А. Лукашенко: Владимир Владимирович, биринчи кезекте чакырууга рахмат. Чынын айтсам, чакырбасаңыз да келмекмин — бул жакшы, жарык майрам.

Ар дайым ойлонобуз, эмне айтабыз деп. Айрыкча биздин «курч» журналисттер бар. Бирок бир ой мени дайыма тынчсыздандырат: айрым досторубуз, коңшуларыбыз — мурда бир мамлекетте жашаган элдер — бул майрамды таануудан баш тартып жатышат, айрыкча биздин коңшулар.

Эмне үчүн ушундай кылышат деп ойлойм. Бул биздин чоң жетишкендигибиз да. Биздин ата-бабалар «күрөң чумадан» (фашизмден) Европаны гана эмес, бүт дүйнөнү сактап калган. Эгер жеңилип калсак, эмне болмок — баары түшүнүктүү. Анда эмнеге биз муну унутушубуз керек?

1 of 5
- +

1.

2.

3.

4.

5.

Бул болгон нерсе — бул биздин улуу мурас. Бул россиялыктардын да, белорустардын да, Советтер Союзунун бардык республикаларынын мурасы. Бардыгы согушкан, бардыгы курман болгон.

Ошондуктан айрым «жолдоштордун» бул Жеңишти унутуп, барктабай жатканы өкүнүчтүү. Ал тургай ата-бабалары согушкан адамдардын өздөрү да түшүнүксүз мамиле кылууда.

Биз болсо бул Жеңишти эч кимге бере албайбыз. Бул биздин жетишкендик. Белорустар бул согушта ар бир үчүнчү адамынан айрылган. Мындай Жеңишти кандай Президент жокко чыгара алат? Эч ким. Ошондуктан дайыма чакырып турганыңыз үчүн Сизге ыраазымын.

Белорус эли бул улуу иш-чарага катышууда деп эсептеңиз. Илгери биздин ата-бабалар Кызыл аянттан түз эле фронтко жөнөшкөн. Мен буга сыймыктанам, Сиз да баалайсыз деп билем. Кийин бул жерге келүүнү каалагандар көбөйөт. Бүгүн болсо убакыт кимдин ким экенин көрсөттү.

КМШда, Евразия бирлигинде Россиянын соодасынын 60–65 пайызы Беларусь менен туура келет. Башкача айтканда, биз негизги өнөктөшпүз. Соода көлөмү 60 миллиард долларга жакындап калды. Албетте, маселелер болот, бирок олуттуу талаштар болгон эмес. Бир-эки маселени талкуулап, өкмөттөргө чечүүнү тапшырабыз.

Мен да бүгүн бир-эки маселени талкуулайбыз деп ойлодум. Калганы — биздин Улуу Жеңиш.

Чакырганыңыз үчүн рахмат.

В. Путин: Александр Григорьевич, биз эч кимди расмий чакырган жокпуз. Жөн гана келүүнү каалагандардын баарын көргөнгө кубанычта болобуз дедик. Азыркы шартта, коопсуздук маселелерин эске алганда, бул табигый көрүнүш.

Бул жерде болгонуңуз үчүн чоң рахмат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 9-май. МоскваАлександр ЛукашенкоВ. ПутинКремльУлуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

20.10.2026
Пашинян Армения ЖККУдан чыгарылса кубанарын айтты. Кремль жооп берди

Пашинян Армения ЖККУдан чыгарылса кубанарын айтты. Кремль жооп берди

24.08.2026
Путин Wildberries компаниясынын жабыркаган кампаларын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү тапшырды

Путин Wildberries компаниясынын жабыркаган кампаларын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү тапшырды

20.08.2026
Өзбекстан жана Беларустун президенттери соода жүгүртүүнү $2 миллиардга чейин жеткирүүнү пландоодо

Өзбекстан жана Беларустун президенттери соода жүгүртүүнү $2 миллиардга чейин жеткирүүнү пландоодо

10.07.2026
В. Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

В. Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

09.05.2026
В. Путин Кремлде  Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

В. Путин Кремлде  Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

09.05.2026
Жеңишке 81 жыл: Ачык асман үчүн эрдик көрсөткөн ардагерлер унутулбайт

Жеңишке 81 жыл: Ачык асман үчүн эрдик көрсөткөн ардагерлер унутулбайт

09.05.2026
9-майда  Москвага кайсы чет элдик президенттер барышат?

9-майда  Москвага кайсы чет элдик президенттер барышат?

08.05.2026
В. Путин: Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери дүйнөнү сактап калышкан

В. Путин: Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери дүйнөнү сактап калышкан

07.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.