Беларустун президенти Александр Лукашенко ишемби күнү, 13-декабрда, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жетишилген макулдашуулардын алкагында жана анын өтүнүчү менен ар кайсы өлкөлөрдөн болгон 123 саясий туткунга мунапыс жарыялады. Бул чечим АКШ бир нече саат мурда Беларустун калий жер семирткичтерине коюлган санкцияларды алып салгандан кийин болду.
Акыркы мезгилде, ноябрдын аягында Лукашенко кабыл алган чечимдерди кошо эсептегенде, мунапыска чыгарылгандардын жалпы саны 156 адамга жетти. Алардын арасында Улуу Британиянын, АКШнын, Литванын, Украинанын, Латвиянын, Австралиянын жана Япониянын жарандары бар.
Ошентип Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий, мурдагы президенттикке талапкер Виктор Бабарико жана оппозициянын лидерлеринин бири Мария Колесникова эркиндикке чыкты. Маалыматка ылайык, бошотулган бардык саясий туткундар Беларустан депортацияланган. Мунапыска чыккандардын 100дөн ашыгы Украинага жеткирилип, андан ары Польшага жана Литвага өткөрүлөт.
Мунапыска чыккандардын арасында 2023-жылы 12 жылга эркинен ажыратылган мурдагы TUT.BY сайтынын башкы редактору Марина Золотова да бар. Ошондой эле «Весна» укук коргоо борборунун өкүлдөрү Валентин Стефанович жана Владимир Лабкович мунапыска ээ болушту. Коомдук ишмер Александр Федута жана саясатчы Павел Северинец да абактан бошотулду.
Ошол эле учурда Беларустагы поляк азчылыгынын активисти жана Gazeta Wyborcza басылмасынын кабарчысы Андрей Почобут мунапыска чыккандардын тизмесине кирген жок. Быйыл ал Европарламент адам укуктарын коргоого өзгөчө салым кошкон адамдарга ыйгарган Сахаров сыйлыгына татыган. Беларустук басылмалардын маалыматына караганда, ага мунапыс сурап кайрылуу сунушталган, бирок ал Лукашенкого кайрылгысы келбегендиктен баш тарткан.
АКШ президентинин Беларусь боюнча атайын өкүлү Жон Коул Вашингтон менен Минскинин ортосунда санкциялар боюнча диалог мындан ары да уланарын белгиледи.
«Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер нормалдашкан сайын, санкциялар дагы көбүрөөк алынып салынат», — деди Коул.
Анын айтымында, жума күнү башталып, ишембиге чейин уланган Лукашенко менен сүйлөшүүлөр «абдан жемиштүү» болгон. АКШ өкүлү тараптар мамилелерди нормалдаштыруу маселелерин, ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы согушту талкуулашканын айтып, «Лукашенко Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жакшы кеңештерди берип жатат» деп белгиледи.
Эске салсак, 2021-жылдын август айында, Беларустагы президенттик шайлоолордон бир жыл өткөн соң, Батыш өлкөлөрү бул шайлоолорду бурмалоо боюнча айыптоолордон улам тааныбай койгондон кийин, АКШ дүйнөдөгү калий жер семирткичтерин ири өндүрүүчүлөрдүн бири болгон «Беларуськалий» ААКсын санкциялар тизмесине киргизген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдагы кризиске чейин Беларусь калий жер семирткичтерин экспорттоодон 2,4 миллиард доллар киреше тапкан. Бул Беларустун жалпы экспорт көлөмүнүн болжол менен 8 пайызын же өлкөнүн ИДПсынын 4 пайызга жакынын түзгөн.



















