Беларусь президенти Александр Лукашенко Минскинин АКШ менен акырындык менен мамилелерди жолго коюуга багытталганын айтып, бир катар кадамдарды жасаганын жана эми Вашингтондон жооп күтүп жатканын билдирди.
«Биз алар менен мамиле түзөбүз. Биздин максат ушул», – деген Лукашенконун сөзүн БелТА агенттиги келтирди.
Ал Беларустун буга чейин айрым кадамдарга барганын, эми АКШ тараптан жооп кайтарылышын күтөрүн белгиледи.
«Мен санкциялар жөнүндө да сөз кылган жокмун. Сурабагыла деп тыюу салдым. Силер (америкалык тарап – ред.) Беларуска эмне керек экенин билесиңер», – деди президент.


















