Кыргыз Респуликасынын министрлер кабинетинин токтому менен өлкө аймагындагы 46 кесиптик лицейлердин директорлору кызматынан бошотулуп жатат.
6-октябрда конкурстук негизде тандоо өткөрүлөт. Дүйшөмбү күндөн баштап, Билим берүү жана илим министрлиги расмий сайта сынак жарыялайбыз. Ага чейин эле жумуштан бошогондор нааразы болбой, мыкты болсо сынактан өтүп келишсин. Бирок, 20 жылдан бери директор болуп, эч нерсе өзгөртпөй, мамлекеттин акчасын алып жашаган заман өттү.
Кандай сонун мүмкүнчүлүк. Ким директор болгусу келсе, катышып жеңип келсин! Бирок, токтомго карабай, нааразы болгондор Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырованы күнөөлөп, ММКлар аркылуу айгай көтөрүп атышат.
Токтом туптуура чыккан. Ал Өкмөттүн чечими. Качанга чейин он жылдап бир эле директор башкара бериши керек?
Билим берүү өзгөрүчү заман келди.
Эл журттун, коомчулуктун колдоосу керек.
Гүлмира Үметалиева,
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы.



















