Борбор калаанын Октябрь администрациясынын жыйындар залында аким Жаныбек Орозалиевдин төрагалыгы астында райондогу мектеп директорлору менен 3-жолу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анда төмөнкү маселелер талкууланды:
– Октябрь районундагы мектептердин китепканаларын электрондоштуруу;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу;
– мектеп окуучуларынын коопсуздугу жана билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын сакталышы.
Белгилей кетсек, жыйындар райондун прокурорунун, РИИБдин башчысынын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.




















