Ушул жылдын 7-сентябрында, президент Садыр Жапаров өкмөттүн курамында чукул өзгөрүүлөрдү жасап, бир катар министрлерди алмаштырды. Анын ичинен коомчулукта эң көбүрөөк талкуу жаратканы – КР Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кызматынан алынышы болду.
Тактап айтканда, президент “тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн”,-деген жүйө менен кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду. Анын ордуна Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Азыр бул кызматта ким убактылуу милдетин аткарып жатканы кызыктуу эмес, кызыгы – Иманалиев эмне себептен кеткени болууда.
Жаңы окуу жылынын башында жаңы эле келген (министр болуп алты айдай иштеген) Каныбек Иманалиевдин кызматынан алынышы – коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган темалардын бирине айланды.
Мектеп окууларына окуу куралдарынын жетишсиздиги – Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери чечилбей келаткан маселелердин бири болчу. Быйыл ушул тема коомчулукта катуу талкууга алынды. Интернетке чыккан видео, маалыматтардын образдуу айтканда, экинин бири эле окуу куралдарынын жетишсиздиги тууралуу болуп калган.
Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча, 2022-окуу жылы Кыргызстанда 2 350дөн ашык мектеп болсо, аларда 1 млн 447 миңден ашык окуучу билим алган. Ушул окуучулардын ата-энесинин ондон бир бөлүгү деле китеп маселесин көтөргөндө деле, өлкөдө кандай көйгөй бар экени көрүнүп калат. Анын фонунда президент Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди китеп маселесине байланыштуу кызматтан кетирди десе да болчудай. Андыктан мамлекет кайсы бир көйгөйдү чечээрине белсенип калганынан кабар бергендей болуп турат. Анан “бирок”,-деген дагы бир маселе бар.
Буга чейин Кыргызстанда мектеп прогарммасындагы окуу куралдарды чыгарып, окуучуларды жетиштүү деңгээде камчыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынары кабарлаган. Бирок “Иманалиев бул сумманы кантип табыш керек эле?” же “Кыска аралыкта 30 жылдык маселени кантип чечмек эле?”, – деген жүйөлүү суроо да туулат. Ал министр болуп баратканда билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча беш багыттуу планы бар экенин айткан болчу. Анда менчик бала бакчаларды куруу, орто билим берүүдө ваучердик системаны киргизүү, кесиптик окуу жайларга каржылык, чарбалык эркиндик берип, өндүрүш менен иштешүү тууралуу планын билдирген.
Ал эми президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, Иманалиевди кызматтан алуудагы жүйө – министр “милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаптыр”. Президент Жапаров аны министр кылып дайындап жатып: “Билим берүү тармагы – мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин жакшы билесиз. Суранычыңыз менен макул болуп, ишеним артып, ушул кызматка коюп жатабыз. Ошондуктан сиз ишенимди акташыңыз керек. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш дал келерин далилдешиңиз керек”, – деген эле. Бирок аны кызматтан алганда кайсы ишеничти актабай же кайсы ишти бүтүрбөй койгону үчүн кетти деген сыяктуу маселелер коомчулукка ачык айтылган жок. Мүмкүн алдыда айтылаар.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 12 миллион 63 миң 121 окуу китеби бар. Ал эми 4 миллион 724 миң 187 китеп жетишпейт экен. Башкача айтканда, бул – мектеп окуучуларынын дээрлик 30 пайызында китеп жетишпейт дегенди билдирет.
Ошентип, китеп көйгөйү чечилбей, мамлекет окуучуларга окуу куралдарды жетиштире албай, билим берүү тармагынын туягы тушалып турат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, маселени чечүүгө 5 млрд сом акча керек экен. Бюджетте каражат тартыш болсо, 7-сентябрда ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте маселе көтөргөндөй, депутаттардан тартып, мамлекеттик мекеме уюмдардын кызматкерлерине чейин айлыктарынан бөлсө, келечек ээлерине деген китеп маселеси чечилип калат беле деген үмүт…
А.Белеков