Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

12 жылдык окуу, бир класстагы 50-60 окуучу жана аймактардагы бириккен мектептер

  • Аналитика
  • 23.09.2025 13:13

Loading

Кыргызстандын билим берүү тармагы тарыхый бурулуш жасап, 2025-2026-окуу жылы 12 жылдык билим берүү системасына өттү.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров 18-сентябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билим берүү  тармагын түп тамырынан өзгөртүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Президенттин айтымында, билим берүү багытындагы иштер үчүн мамлекеттин бюджетинен атайын каражат бөлүнүп, зарыл болгон укуктук-ченемдик база бекитилген. Мындан сарткары 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн концепциясы кабыл алынып, программалар жана окуу пландары даяр болгон.

Тема боюнча

А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

30.05.2026

“Негизинен 12 жылдык билим берүү имаратка көз каранды эмес. Бул – дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келген стандарттар, программалар, окуу китептери. Албетте, биринчи, экинчи жылдары кыйынчылыктар болот. Бара-бара түздөлүп кетет. Анткен менен биз дүйнөлүк стандартка өтүп алдык. Өзү негизинен 15-20 жыл мурда эле өтүшүбүз керек эле”,- деди мамлекет башчы.

Президент кошумчалагандай, 12 жылдык окутууга өтүүнүн максаты – бүтүрүүчүлөрдүн билим алуусунун сапатын жогорулатуу жана аларды заманбап эмгек рыногуна даярдоо болуп саналат.

“12 жылдык билим берүүдө бир жылды узартуу эле эмес, мазмуну толугу менен жаңыланат жана балдар жаңы китептер менен окуйт,  практикага жана ой жүгүртүүгө басым жасалат. Мындан сырткары жогорку класстарга кесипке багыттоо киргизилет”,- деди президент журналисттин суроолоруна жооп берип жатып.

Кыргызстандагы мектептер 12 жылдык окуу системасына даярбы?

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылдын август айындагы маалыматында 2025-2026- окуу жылдарына карата жалпы даярдык жүрүп жаткандыгы жана билим берүү системасы толугу менен ишке кирерин билдирген.

Бирок жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөр, айрыкча китептердин тартыштыгы жана борбор калаадагы мектептерде бир класска 50дөн ашык балдардын окуп жатканы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтыла баштаганда президент Садыр Жапаров өзү “Кабарга” маек берип, билим берүү тармагындагы өзгөргөн система, ошол эле учурда аймактарга караганда окуучулар борбордо басымдуулук кылып жаткандыгы боюнча дагы сөз козгоду.

“Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды. Бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле “башталгыч” класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген”,- деди ал.

Ал эми Бишкекте окуучулардын көп санда болушун ички миграцияга байланыштуу экендиги менен түшүндүрдү.

Президенттин билдирүүсүнөн бир күн мурда Парламенттин 17-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов агартуу министрлигинин 12 жылдык окутууга даяр эместигин айткан.

“Мугалимдерди даярдап, инфраструктураны жакшыртып, тиешелүү шарттарды түзүп, андан кийин өтсө туура болмок. Чындыгында агартуу министрлигинде даярдык болгон жок. Директорлор, мугалимдер, ата-энелер өздөрү менен өздөрү ызы-чуу. Негизи көйгөйдүн баары агартуу министрлигинде турат. Ошон үчүн биринчи эсептеп, анализ кылып бүт баарын санап  өтсөк болмок. Азыр мен эки мектепти текшерип келдим, ата-энелер менен да сүйлөштүм, даяр эмес экендиктерин айтышты”,- деп кошумчалады ал жыйын учурунда.

Мындан сырткары мектептерде мугалимдердин, окуу китептеринин жетишсиздигин белгилеп, бир мектепте 60 бала окуп жаткан учурларга токтолду.

“Кээ бир мектептерде мугалим жок болуп жатат. Директорлор күнөөлү эмес. Алар тескерисинче ар кандай кадамдарга барып жатышат”,- деди Бекешов.

Ал эми “SKY Industrial Group” ЖЧКсынын жетекчиси, ишкер Рахат Жунушбаева өзүнүн Фейсбук тармагындагы баракчасы аркылуу “Билим – өлкөнүн келечегинин пайдубалы. Баланын тагдырын, өзүнө болгон ишенимин, коомго кошкон салымын аныктаган билим мектептен сиңирилет” деген оюн ортого таштады.

“Мени Кыргызстандагы билим берүү системасынын азыркы абалы абдан тынчсыздандырат. Балдар толук графиктин ордуна күнүнө эки-үч сабактан өтүп, орто мектепте негизги сабактар жетишпей калганда, бизде бүтүндөй бир муунду жоготуп алуу коркунучу бар. Билим – өлкөнүн келечегинин пайдубалы. Баланын тагдырын, өзүнө болгон ишенимин, коомго кошкон салымын аныктаган билим мектептен берилет” – дейт Жунушбаева.

Ал ошол эле учурда мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, айлык акыны жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу, натыйжалуу окутуу механизмдерин ишке ашыруу, жаш адистерди колдоо, ошондой эле аймакка же үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, бардык балдар үчүн сапаттуу билим алууга артыкчылык берилиши керек экендигин баса белгилейт.

“Балдарыбыздын келечеги алардын алган билиминен көз каранды экенин эне катары түшүнөм. Бул улуттун ден соолугун, аймактардын өнүгүшүн жана жалпы Кыргызстандын прогрессин калыптандырган чынжыр. Балдарыбыздын “убакытты текке кетирүүсүнө” жол бербешибиз керек. Алар жөн гана график боюнча саналбастан, билимге ээ болушу керек”, – деген ал.

Адистер эмне дейт?

Орозбүбү Ашимбаева, мугалим:

– Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүндөгү “Сооронбай Жусуев” менен “Сай Талаа” атындагы орто мектептердин бирин жоюп, бир мектепке өткөрүү аракети жүрүп жатат. Бул маселенин үстүнөн райондук билим берүү башкармалыгы августь айында барып кетишти. Алар муну чек ара аймагында адамдардын азайып калгандыгы менен түшүндүрүштү. Негизи чек арадагы эки мектепти бир мектепке айландыруу мыйзамга туура келбейт. Экинчи маселе, бул аймактагы эки мектептин ортосу 3 километрден 5 – 6 километрге чейин жетет жана бул аралыкта карышкыр менен чөөлөр көп болгондуктан кооптуу. Чалма айылында деле ушул көрүнүш. Тескерисинче бул айылга мектеп, бала бакча салынып, мугалимдердин айлык маянасын көтөрүп, алар даярдалып жөнөтүлүшү керек. Мен ушуну сурап жатам.

Буга чейин биз президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага кайрылып кат жолдогонбуз.

Министри Кендирбаева  эми кабыл алды

Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганыбызда мектептер ордунда калды деген үчүн балдар кайра бара баштады. Бирок мугалимдердин көбү иштебей да калды. Жергиликтүү бийлик кааласа кошуп, кааласа кыскарта береби? Бул кылмыш болуп эсептелет.

Эгер эки мектепти кыскартса, аралык узак болуп калат. Ээн жерден карышкыр же чөөлөр балдарга кол сала турган болсо, Кара-Кулжа райондук, Ош облустук билим берүү башкармалыгынан баштап Агартуу министрлигине чейин жоопкерчиликтүү болот.

Бизде ансыз деле мектептен тышкары суу, свет ашыгы менен көйгөй жаратат. Мисалы, онлайн сабагы биздин аймактын шартына таптакыр туура келбейт. Анткени свет, интернет көп өчөт, китептер жетишсиз. Окуучулардын окуу методикасы оор. Мугалимдердин маянасы аз. Анан кантип 12 жылдык билим берүү системасы жөнүндө сөз кылып жатабыз?

Маалымат иретинде:

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 23-августунда Gupa Ergeshova аттуу жаран өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу президент С. Жапаровду, УКМКнын төрагасы К. Ташиевди, Агартуу министрлигинин өкүлдөрүн жана бир катар бийлик башында жүргөн расмий кызмат адамдарын белгилеп “Сооронбай Жусуев” жана “Сай Талаа” орто мектептери боюнча маселе көтөрүп чыккан.

“Бул мектептин имараты кимге керек болуп жатат өзү? Кандай “акылдуу” адамдар окуу ачылар алында окуучуларды талаага таштайт”, – деген ал өз билдирүүсүндө.

Элдин бир катар кайрылууларынан кийин учурда аталган мектептерде окуучулар билим алып жатышат

Алтымыш Шаршенбаев, экономист:

– 12 жылдык билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдө иштеп, өзүнүн натыйжасын берип жатат. Бул система менен окуган балдар билим, илимдүү болуп чыгып жатышкандыгы чындык. Кыргызстандын билим берүү тармагы да чет өлкөлөрдүн тажрыйбасынан үлгү алып, эл аралык билим берүү системасы менен шайкештик жаралса, анда туура.

Ал эми мугалимдердин даярдыгы боюнча министрлик программаларды түзүп, аларды окутуу боюнча иштерди жасап жаткандыгы айтылууда. Маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 900дүн тегерегинде мугалим жетпейт экен. Ошондой эле Бишкекте окуучулардын бир класста 50, 60 баланын отурушу бул ички миграциянын өсүшүнүн себебинен. Анткени азыр айыл аймактарында окуучулар азайган. Бул көйгөйдү жоюу үчүн аймактарды өнүктүрүү керек.
Негизи билим берүүнүн стандарттары боюнча бир класста ашып барса 25, 30 окуучуга чейин мүмкүн. Андан ашса мугалим жетише албайт жана балдар окуу программасынан артта калат. Ошондуктан жеке мектептер ачылып кетти. Ошол эле мугалимдер жогорку маяна төлөнгөндүгү үчүн жеке мектептерге кетип жатышкандыктары да коомчулукта айтылып жатат.

Жогорудагы маалыматтардын негизинде  министр Д. Кендирбаевага кайрылганыбызда, 12 жылдык билим берүү системасы жана окуучулардын айрыкча Бишкек шаарында басымдуулук кылып жаткандыгы жөнүндө мамлекет башчысы Садыр Жапаров кенен интервью бергендигин билдирип, ошол жерден толук маалымат алып алууга боло тургандыгын кошумчалады.

https://kabar.kg/news/bizde-artka-zhol-zhok-prezident-sadyr-zhaparovdun-mekteptegi-bilim-ber-maseleleri-boyuncha-maegi/

Бирок кээ бир маселелер президетке жетпей туруп, райондук, облустук андан кийин Агартуу министрлигинин деңгээлинде чечиле турган маселелер бар.

Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 12 жылдык окуубилим берүү министрлиги
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

18.09.2026
А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

30.05.2026
Бизде артка жол жок. Президент Садыр Жапаровдун мектептеги билим берүү маселелери боюнча маеги

Бизде артка жол жок. Президент Садыр Жапаровдун мектептеги билим берүү маселелери боюнча маеги

19.09.2025
12 жылдык билим берүүгө өтсөк, бүтүрүүчүлөрдүн чет мамлекетке барып окуусу оңой болуп калабы?

12 жылдык билим берүүгө өтсөк, бүтүрүүчүлөрдүн чет мамлекетке барып окуусу оңой болуп калабы?

29.07.2025
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына Сингапур методикасын пайдалануу менен өтүп жатат

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына Сингапур методикасын пайдалануу менен өтүп жатат

22.07.2025
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн жаңы окуу китептери жазылууда

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн жаңы окуу китептери жазылууда

21.07.2025
12 жылдык окутуу билим берүүнүн сапатын жогорулатат – Догдуркүл Кендирбаева

12 жылдык окутуу билим берүүнүн сапатын жогорулатат – Догдуркүл Кендирбаева

08.03.2025
Эмгек сиңирген мугалим Өмүрзак Мамаюсуповдун 12 жылдык билим берүү боюнча пикири

Эмгек сиңирген мугалим Өмүрзак Мамаюсуповдун 12 жылдык билим берүү боюнча пикири

07.03.2025
12 жылдык билим берүү келерки окуу жылында этабы менен ишке аша баштайт

12 жылдык билим берүү келерки окуу жылында этабы менен ишке аша баштайт

26.03.2024

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.