Улуу Британия, Германия жана Франциянын өкмөттөрү биргелешкен билдирүү жасап, Ирандагы башаламандыктарды жана куралчан террористтерди ачык колдошту.
АКШ менен бирге иран элине каршы катаал жана адамгерчиликсиз санкцияларды киргизген бул үч өлкө өздөрүн иран элин колдойбуз деп жалган билдирип, «Биз Иранда нааразылык акцияларына чыккан адамдардын өлтүрүлүшүн чечкиндүү түрдө айыптайбыз» деп билдиришти.
Улуу Британиянын премьер-министри да башаламандыктарды жана алардын катышуучуларын колдоп, мындай деди: «Биз тынч нааразылык билдирүү укугун ишке ашырып жаткан бардык адамдарды колдойбуз».
Европа Биримдиги да өзүнүн интервенциячыл билдирүүсүндө иран элине тилектештигин жана колдоосун билдирип, башаламандыктарга катышкан адамдарга жана куралчан террористтерге карата коопсуздук күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттерин айыптады.
Ошол эле учурда АКШ, сионисттик режим жана айрым Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган башаламандыктардын катышуучулары жана куралчан террористтер акыркы күндөрү көптөгөн бейкүнөө жарандарды жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерин өлтүрүп, мамлекеттик мүлккө жана жарандарга олуттуу зыян келтиришти.



















