АКШ менен Европада энергетикалык тартыштыкка байланыштуу көйгөйлөр күчөп, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы өсүүдө. Иран ЖМКлары жарыялаган маалыматта АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн мунай запастары, бюджеттик тартыштыгы жана энергетикалык чыгымдары боюнча бир катар көрсөткүчтөр келтирилген.
Маалыматка ылайык, АКШнын стратегиялык мунай запасы 284 миллион баррелге чейин азайган. Эгер мунайды запастан алуу азыркы темп менен уланса, өлкөнүн мунай кору болжол менен алты айга гана жетиши мүмкүн. Бул көрсөткүч акыркы 40 жылдагы болуп көрбөгөндөй деңгээл катары сыпатталган.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын 27 мүчөсү энергиянын баасы өсө берсе, америкалыктар кышында үйүн жылытуу менен азык-түлүк сатып алуунун бирин тандоого аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертишкен.
Германияда бензинге салынган салыкты алып салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ал эми Франция дизелдик отундун запастарын пайдаланууга аргасыз болгону айтылат.
Ошондой эле Европанын жашыруун баяндамаларынын биринде Иран Европа Биримдигинин алдыдагы жети жылга каралган бюджетинин көлөмүн төрт пайыздык пунктка кыскартууга жетишкени белгиленген.
АКШда казына облигацияларынын кирешелүүлүгү акыркы 24 жылда биринчи жолу 5,35 пайыздан ашканы маалымдалды.
Улуу Британия болсо 12 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндөгү бюджет тартыштыгын жарыялаган. Энергиянын жана дизелдик отундун кымбатташы азык-түлүк бааларынын өсүшүнө да таасир этүүдө.
Ошол эле учурда рыноктун сүйлөшүүлөр тууралуу жаңылыктарга болгон сезимталдыгы акырындык менен төмөндөп баратканы айтылат. АКШ президенти Дональд Трамп оор учурларда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр аркылуу бааларды төмөндөтүүгө аракет кылып келген. Бирок азыр мындай билдирүүлөр рынокко мурдагыдай таасир этпей, реалдуу экономикалык көрсөткүчтөрдүн ролу күчөп бара жатат.

















