Бүгүн, 28-сентябрда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды.
МинКаб Төрагасы билим берүү тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жаңы министр ал реформаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишеним артаарын билдирди.
“Азиз Абакировдун — биздин жигиттер Кыргызстанда туруп, бүткүл дүйнө боюнча иштесе болот деген сөзү бул жерде орундуу. Биздин милдет бул үчүн шарт түзүү. Президент Догдуркүл Кендирбаеванын алдына жаңы министрдин командасы жакынкы аралыкта ишке ашырууга тийиш болгон абдан маанилүү жана зарыл милдеттерди белгиледи”, — деген Акылбек Жапаров, жаңы министрдин милдетин аткаруучуга ийгилик жана эмгекчилдик каалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, Д. Кендирбаева мурда билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Акыркы кезде Р. Отунбаеванын демилгелери фондунда иштеп жаткан.
Аталган министрликти алты ай жетектеген мурдагы министр Каныбек Иманалиев ишиндеги кемчиликтери деген жүйө менен президент тарабынан жумуштан алынган.