Новосибирск облусунун Татарск шаарында 21-сентябрдын таңында № 5 орто мектебинин имаратынын бир бөлүгү урап түштү. Бул — эки күндүн ичинде Россиядагы экинчи ушундай окуя.
Новосибирск облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, кулагандыгы тууралуу сигнал жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:40та түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар жок — окуя дем алыш күнү болуп, мектепте адамдар болгон эмес.
Учурда окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатат, прокуратура текшерүү баштады. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Татарск райондор аралык прокурорунун милдетин аткаруучу жерине барды. Тергөөнүн федералдык комитети «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Татарск муниципалдык округунун администрациясы мектептин имараты 1937-жылы курулганын билдирди. 2019-жылы анын эскирүү деңгээли 70%дан ашкан деп бааланган.
Буга чейин, бир күн мурда, Москвада Знаменская көчөсүндө реконструкцияланып жаткан № 1080 мектеп имараты урап түшкөн. Москва ӨКМнин маалыматына ылайык, кабат аралык плиталардын кулашынын кесепетинен оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки жумушчу каза болгон. Тергөө комитети курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу белгилери боюнча алдын ала иликтөө баштады.
Москва прокуратурасы да өзүнүн көзөмөл текшерүүсүн жүргүзүп жатканын билдирди. Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын ишин координациялоо үчүн Преображенск райондор аралык прокурору Всеволод Ситников жөнөтүлгөн.


















