Кыргызстан-Казакстан-Сингапур-Россия билим саммити өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу
Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен эл аралык деңгээлде “Билим берүү жана илим диологу: Кыргызстан-Казакстан, Кыргызстан- Сингапур, Кыргызстан-Россия” билим берүү жана илим саммитинин форматында уюштурулган конференцияда айтылды.
Аталган иш чарага КРнын билим берүү жана министри Догдуркүл Кендирбаева, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышып, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутууну, социалдык жоопкерчиликти, эл аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнүн консалидациалоо платформасын түзүү боюнча бир катар маселелерге токтолушту.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан-Казакстан ортосунда 15-16-августта Билим саммитинин алкагында “Мектепке чейинки билим берүү системасындагы мамлекеттик – жеке өнөктөштүк” темасында тегерек стол уюштурулуп, Казакстандын билим берүү тармагынан келген өкүлдөр менен кыргызстандык билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү ортосунда мектепке чейинки билим берүу тармагындагы тажрыйбалары талкууланары айтылды.
Ал эми Д. Кендирбаева Кыргызстан-Сингапур келишимдеринин негизинде мультимодальдык программа менен иштөөнү үйрөтүү боюнча “PISA компенцияларын өнүктүрүү аркылуу табигий илимдер жана математика жаатында окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу” темасында семинар пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.
Ал эми журналисттер тарабынан берилген “Кыргызстан-Россия-Сингапур мамлекеттер ортосунда жогорку окуу жайлардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча кандай келишимдер бар? – деген суроосуна министрдин орун басары Расул Абазбек уулу мындай деп жооп берди:
– Биз Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөшпүз. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жана экономикалык саясий ЕврАзЭС уюмдарынын алкагындабыз.
Ошондуктан, Кыргызстан менен Россия Федерациясындагы жогорку окуу жайлардын ортосунда түзүлгөн келишимдер көп. Кыргызстан- Россия ректорлорунун саммити өтүп турат. Мисалы, форум 2022-жылы Екатеринбургда өткөн, ал эми 2023-жылы Ош шаарында өттү. Аталган форумдарга эки мамлекеттин тең жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышкан. Башкача айтканда, стратегиялык жана достук жактан да өнөктөш болуп келе жаткан Россия мамлекети менен биз тыгыз иштешип, эки элдин ортосунда билим тармагы боюнча келишимдерди жаңылап турабыз. Бул жагынан бизде көйгөй жок деп толук кандуу айта аламын”,- деп жооп берди.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















