Ирактын армиясы өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде өлкөнүн автономиялуу Күрдистан аймагына чектеш Киркук провинциясында аскердик күчтөрүн кайра жайгаштырууда. Бул чара автономиялуу аймактын аймагынан бензин жана мунай продуктуларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу максатында жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу араб республикасынын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал Яхья Расул билдирди.
«Аскердик ведомство өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, Ирактын премьер-министри Али аз-Зейдинин өлкөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Киркук провинциясында аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча буйруктарын аткарууга толук даяр», — деп билдирди Расул. Анын сөздөрүн As-Sumaria телеканалы келтирди.
Коргоо министрлигинин расмий өкүлү кошумчалагандай, башкы кол башчынын буйругуна ылайык, «бириккен ыкчам күчтөрдүн бригадалары мунайды мыйзамсыз ташып өтүү үчүн колдонулган уруксатсыз автомобиль жолдорду жаап салышы керек».
Мындан бир күн мурда Ирактын өкмөт башчысы Ирак Күрдистанынын бийлигине мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого уруксатты федералдык Мунай министрлиги аркылуу гана берүүнү милдеттендирген. Ошондой эле автономиялуу аймактын аймагындагы бардык чек ара өткөрмө бекеттерин федералдык бийликтин өкүлдөрүнүн карамагына өткөрүп берүүнү талап кылган.
Бирок автономиялуу аймактын өкмөтү премьер-министрдин бул көрсөтмөлөрүн бир тараптуу, Конституцияга каршы келген жана кабыл алынгыс чечим катары баалады.
Ирак Күрдистанынын премьер-министри Масрур Барзани билдиргендей, Ирак өкмөт башчысынын көрсөтмөлөрү «тараптар буга чейин Багдадда жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна жана макулдашууларына туура келбейт».



















