АКШ президенти Дональд Трамп 20-мартта Билим берүү министрлигин жоюу боюнча жарлыкка кол коёт.
Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) Ак үйгө шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, жарлык ведомство башчысы Линда Макмэхонду министрликти жоюу жана билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктарды ар бир штаттын карамагына кайтаруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттендирет.
Басылма белгилегендей, Конгресстин макулдугусуз Билим берүү министрлигин жабууга же анын милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүүгө жасалган аракеттер президенттик администрация үчүн укуктук маселелерди жаратышы мүмкүн.
АКШнын Улуттук билим берүү ассоциациясынын президенти Бекки Прингл WSJге билдиргендей, министрликтин жоюлушу окуучуларга олуттуу терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анын айтымында, бул чечим класстардын көлөмүнүн чоңоюшун, кесиптик даярдоо программаларынын кыскарышын жана жогорку билимдин кымбаттатып, карапайым адамдар үчүн жеткиликсиз болуп калышын шарттайт.


















