Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Учанын баасы канча: Кыргыздын наркы соодага айландыбы?

  • Маданият
  • 30.08.2026 14:23

Loading

Акыркы күндөрү кыргызстандыктардын социалдык тармактардагы негизги талкуусу кайрадан той, нарк, каада-салт жана ысырапчылык, ошондой эле аirtht чыгашалар маселесине келип такалды.

Буга тойдо аксакалга уча тартып жатып, анын берген 5 000 сомун аз көрүп, үстүнө дагы акча кошууну талап кылган жигиттин жоругу жем таштады. Бул окуядан кийин коомчулуктун реакциясы бир тараптуу кескин сын-пикирлер менен коштолуп, кыргыз наркындагы салты, улуттук баалуулуктары, сыйы байкалбай соодага алмашылып бара жатканы улуттук кризис катары бааланууда.

Тема боюнча

“Манас” эпосу – өлкөнүн өнүгүү саясаты жана Уңгужол менен түздөн-түз шайкеш

“Манас” эпосу – өлкөнүн өнүгүү саясаты жана Уңгужол менен түздөн-түз шайкеш

11.12.2025

Айрыкча кыргызстандык коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлеринен тартып, жалпы коомчулук катуу реакция жасады.

Көпчүлүгү “уча – соодалаша турган товар эмес. Сый менен уяттын ордун алмаштырбай, мындай маданиятсыздыкты тойлордон таптакыр алып салыш керек” деген пикирлерин жазып, жарыяланган видеонун астына комментарий калтырышты.

Бул окуядан кийин мурдагы мамлекеттик катчы, кыргыздын каада-салты, нарк-насили жана улуттук идеологиясы тууралуу маселелерде коомдогу эң беделдүү инсандардын бири Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичке кайрылып, уча жана анын кыргыз салтындагы эзелттен келе жаткан орду жөнүндө сурадык.

С. Касмамбетов: “Уча тартуу менен согуш да токтогон…”

– Уча же аны тартуунун аземи,салтанаты, жөрөлгөсү маанисине токтолуп, ошол эле тапта уча тартканда акча берүү керекпи, жокпу деген көпчүлүктүн суроосуна жооп иретинде “Нарк куржундан” кеп салайын…

– Кадимки Токсоба төрө Кашкардан кайтканда, журт мыктылары, астына улак тартып, үстүнө өргөө көтөртүп, казысы сере чыккан ( эки эли, беш эли, таман, андан кийин сере деп өлчөнөт) баабедин деп, бата айтылып, туу бээни жыгып, учаны эки жигит замбилдеп көтөрүп кирип Төрөгө тартышат. Ошондо төрөнүн Уланкасыр деген жанжигити ыргып чыгып, уча акысы деп, тарткандарга тай жетелеткен экен.

Кадимки Садыр аке, Кочкордогу, Чекилдектин түзүндө өткөн чоң курултайда, Алайдан ат арытып кырк жигити менен келген Алымбек Даткага, кадырын арттырып, кастарлата учаны тарттырганда, нарк билги кайран Датка атабыз, бир жылкынын баасына жасалган, алтын басылып, күмүш чегилген кемерди кестиги менен уча тарткан жигитке карматкан экен.

Арийне, эл ичиндеги эле аңыз кептин учугун айтканым менен кезинде уча тартуу менен согуш дагы токтогон…

Шыр айтканда, учаны тартуу салты укмуш.

Уча тартылуучу өргөө аземделип жасалгаланган, дасторкону саркечтелип, саймасы менен көркөмдөлгөн, атайын учага деп кош миздүү канжар сунулган…

Чындыгында, уча тарткан жана алган тарапты жарчылар ырга кошуп, уча кирген өргөөгө асаба көтөртүшкөн. Илгери учаны жаш курагына карабастан, айтканы эм болгон? кайраты дем болгон келечекке кербендин жолун көргөзгөн караса көзү, кааласа сөзү жеткен калктын кашкөй жакшысына тартышкан экен. Бул көөнө кыргыздын эзелки салты, элдик жөрөлгөнүн туу чокусу. Учурда учаны элибизде эмдигиче салты тутуп каадасы менен тартышат.

Бирок, тилекке каршы социлдык желеге чыгып, жамы журтка жайылган той учурундагы жигиттин аксакалга уча тартып ага ичимдик кошушу, бергенин аз деп, акча доолашы одоно уят иш болду. Уча тарткан жигит адепсиз экен… Нарк билген аксакалдын бергенин алып, бата тилесе абдан туура болмок. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деп бекер айтылбайт.

Кыргыздардын уча, устукан тартуу салтынын негизги эрежелери жана мааниси кандай?

Кыргыздын эзелтен келе жаткан салттуу жана меймандостугунда уча – эң жогорку даражадагы, эң кадырлуу жана сыйлуу устукан болуп эсептелет. Ал катардагы конокко тартылбайт. Анын өзүнүн катуу тартиби, эрежелери жана терең мааниси бар.

Уча – эң кадырлуу коноктор деп эсептелинген баш кудаларга, эл арасындагы кадыр-барктуу аксакалдарга бүтүн бойдон, үстүнө казы-карта кошуп, чоң табакка салынып тартылат. Аны табак тартуучу жигиттер эки колдоп, өзгөчө урмат менен алып келип, эң сыйлуу коноктун туура алдына коёт.

Уча тартылган табактагы этке ал жердеги эң улуу же кадырлуу адам бата берип, андан соң жанындагы жаш курагы же жолу кичүүрөөк эт туураган жигитке туурап берүүнү өтүнөт. Учаны туураган адам анын майлуу, даамдуу жерлерин алгач ошол табакка отурган башкы коногуна, андан соң калгандарына сунуштайт.

Мунун мааниси уча тартылган адамды “бул тойдун эң кадырлуу, эң жогорку коногусуз” дегенди билдирет.
Мындан тышкары, кудалыкта уча тартуу – эки тараптын ортосундагы мамиленин бекемдигин, бири-бирине болгон бийик баасын көрсөтүп, “миң жылдык кудалардан” болуу изги тилекти түшүндүрөт. Бул жөрөлгө үй- бүлөлүк жана уруулук байланыштарды бекемдөөдө зор роль ойногон.

Устукан тартуу – бул кыргыздын жазылбаган мыйзамы катары да каралып, күнү бүгүнкүгө чейин катуу кармалып келет. Мында кимдин жолу улуу болсо, ага уча же баш, андан кийинкилерге жиликтер жаш курагына, коомдогу ордуна, туугандык даражасына жараша ирети менен тартылып бул салт уланып келе жатат. Fймактарда жашаган кыргыз урууларындагы айрым салттарда өтө көп эмес айырмачылыктар дагы бар.

Бирок кыргыздын салттуу маданиятында, конокко бүтүн уча тартылганда ага ырымдап акча берүү же “учаны сатып алуу” жөрөлгөсү Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Анткен менен соодалашуу жок. Мунун артында терең тарыхый маани жатат.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: каада-салтУлуттук идеологияуча
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Чехияда улуттук азчылыктардын маселелери талкууланды

Чехияда улуттук азчылыктардын маселелери талкууланды

29.06.2026
“Манас” эпосу – өлкөнүн өнүгүү саясаты жана Уңгужол менен түздөн-түз шайкеш

“Манас” эпосу – өлкөнүн өнүгүү саясаты жана Уңгужол менен түздөн-түз шайкеш

11.12.2025
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын калкын ысырапкерчиликтен баш тартууга үндөдү

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын калкын ысырапкерчиликтен баш тартууга үндөдү

06.03.2025
С. Касмамбетов, КРнын Мамлекеттик катчысы: Акыркы мезгилде эл өзү эле аш-тойдо ашкере чыгымды чектей баштады

С. Касмамбетов, КРнын Мамлекеттик катчысы: Акыркы мезгилде эл өзү эле аш-тойдо ашкере чыгымды чектей баштады

06.02.2025
Дүйшөн Абдылдаев: Ысырапкерчилик- элди кедейликке алып келет

Дүйшөн Абдылдаев: Ысырапкерчилик- элди кедейликке алып келет

09.10.2024
Кыргызстандын эң бай адамы тойдогу ашкере чыгымды азайтууну сунуш кылды

Кыргызстандын эң бай адамы тойдогу ашкере чыгымды азайтууну сунуш кылды

29.11.2023
Элди жок бириктирет  же кыргыз көчүн татыктуу уланталы!

Элди жок бириктирет же кыргыз көчүн татыктуу уланталы!

30.09.2023
Той тууралуу ой…

Той тууралуу ой…

24.09.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.