Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Дүйшөн Абдылдаев: Ысырапкерчилик- элди кедейликке алып келет

  • Интервью
  • 30.09.2024 16:07

Loading

Мындан 2 жыл мурда Президет Садыр Жапаровдун жарлыгы менен маркумду акыркы сапарга узатууда жана башка иш чараларда ашкере чыгымга жол бербөө боюнча  мыйзам долбоору иштелип чыккандыгына карабай, бул көрүнүштүн аягы токтобой келет.

Айрыкча аш-тойлордо ашыкча чыгымдарга жол берилүү менен адаттан тыш көрүнүштөр орун алууда.
Ошондуктан мына ушундай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу мүмкүнчүлүгү барбы деген суроолордун тегерегинде дин аалымы Дүйшөн Абдылдаевге айрым суроолор менен кайрылдык.

-Дүйшөн таксыр, кыргыз коомчулугунда акыркы кезде аш-той, ашыкча чыгымдарды токтотуу боюнча көп эле сөздөр болуп жатат. Бирок президент Садыр Жапаровдун атайын буйругуна карабастан, бул ысырапкорчулук токтобой келет. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз.

Тема боюнча

Ашыкча ысырапкорчулукка жол жок. Өзбекстанда үйлөнүү тою жана аш-тойлор катуу көзөмөлдөнөт

Ашыкча ысырапкорчулукка жол жок. Өзбекстанда үйлөнүү тою жана аш-тойлор катуу көзөмөлдөнөт

22.09.2025

-Бул өтө маанилүү, масштабдуу маселе. Аш-той, башка мааракелердеги ысырапкорчулукту токтотуу үчүн эки нерсе керек.

Биринчиси, жалпы эл тарабынан демилгеленип, айыл-аксакалдары баш болгон ар бир айылдагы кадыр-барктуу адамдардын түшүндүрүү иштеринин негизинде өзүнөн-өзү токтотулушу зарыл. Экинчиси, бийлик тарабынан атайын токтомдун же буйруктун негизинде көзөмөл аркылуу кандайдыр бир күч менен эмес, белгилүү бир жетишээрлик деңгээлдеги аракеттер керек.

Эгер өкмөт тарабынан киргизилген токтомдорго баш ийбеген тараптар болсо, аларга айып пул салуу да каралса ашыкчалык кылбайт. Мисалы, мыйзамды аткарбаган кафе, ресторандардын ээлерине айып пул салынса болот. Анткени, бул маселе айлампа сыяктуу болуп, калк бирине-бири карыз сыяктуу көз карашты өздөрүнө сиңирип алышкан.

-Адатта тойлорго барган адам той ээсине конверт тапшырат. Ал каражат кеткен чыгымды жабат, кээде ашып да калат. Ушул жагдай тойлорду “бизнеске” айлантып, токтобой жатышына себеп болгон жокпу?

– Парадокстун себеби ушунда. Негизи тойго же башка мааракелерге  ата-бабанын салтына ылайык барышыбыз керек деген менен  ата-бабанын каады-салттарына каршы келип жатат. Ооба, салтка ылайык киши той береби, аш береби максаты бата алуу болгон менен конверт алуу биринчи орунга чыкты.

Мындайча айтканда, адамдар аш-тойго салык төлөө үчүн келишет. Той берип жаткан киши босогодо туруп алып кадимкидей конверт жыйнап, аябай жаман көрүнүш орун алууда.

Чындыгында бул чиновниктер тарабынан ойлоп табылган нерсе. Мындай көрүнүштөн кутулуу үчүн эл аң-сезимдүү түрдө, анализ жүргүзүүсү керек. Эгер ысырапкорчулуктан акыл-эс  менен чыкпай турган болсок, бул көрүнүштүн акыры кедейликке алып бара турган жол.

Анкени азыркы Кыргызстандагы айлык маянанын орточо суммасы 30 миңден, 40 миң сомго чейин болсо, ал эми той менен аштын “тарифи” орто эсеп менен 5 миң сомдон баштап, бир канча миң долларга чейин кетет. Мындайча айтканда, маяна менен кошумчаны салыштыруунун өзү туура эмес.

Бул боюнча 2012-жылы “Мамлекеттин идеологиясы жана шарият” деген китеп жазганмын. Ошол эмгегимде каада-салт, шарият жана башка маселелерге токтолгом. Андан кийин, 2020-жылы “Аш, тойлордогу ысырапчылыкты токтотуу” деген мыйзам жазып, “Де факто” гезитине  жарыяланган. Бул мыйзам долбоорум Фейсбук баракчам аркылуу жарыяланып, окурмандар тарабынан талкууну жараткан.

Ошол учурда бийлик тарабынан Замир Ракыевди, Нуржигит Кадырбековду, алардын арасында мени да чакырып, Ак үйдө тегерек стол уюштурулуп, жолугушуу өткөн. Ага Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары да катышкан. Андан көп өтпөй, 2021-жылы бийлик алмашып кетти да, бул маселе ошол боюнча кайрадан каралбай калды.

– Азыр тойлордо адаттан тыш каадалар көбөйүүдө. Илгери кандай эле?

-Туура, азыр үйлөнүү той да ысырапкерчиликтин туу чокусуна чыкты. Бул кыз узатуудан башталат. Кыз узатуу чоң шаан-шөкөттүү тойго айланды. Анын үстүнө “түштөндүрүү” деген ашыкча каада кирди. Бул өтө эле ашынган ысырапчылыкты алып келди. Кээ бир жерлерде он, он беш кой  союулуп кетип жатат. Мал жандыктарынын жанына забын болгон учур көп.

Илгери кыз узатуу тууган-уруктун аксакал байбичелери бата берип, кызды жеңелери узатып, чакан бата  менен эле узатылган.

Ысырапкерчилик болбосун деген теманы Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да көп эле жолу көтөрдү. Бир жерде 17 кой союлганы боюнча айткан видеосу жүрөт. Акын Шайлообек Дүйшеев да бул маселеге токтолгон.
Мындан тышкары “себет” деген нерсе чыкты. Мындай каада түштүк регионунда көп колдонулат экен. Бул да элди көп чыгымга учуратат.

Эми биздин өзүбүздүн ата-баба салтыбызга келсек, илгерттен колдонулуп келе жаткан салтта мынчалык ысырапкерчиликке жол берилген эмес. Бирок, “Манас” эпосунда айтылгандай, Хан Манастын доорунда Көкөтөй хандын баласы Бокмурун элди Каркырага чакырып, ысырапчылык менен аш өткөрөт. Ошондо Бокмурун Манаска акылдашпай кыргыздарга душман болуп келген кытай, манжулардан бери чакырып, ошол жерден чыр чыгып, алар чоң Мааникен күлүктү сурап, көнбөгөн кыргыздарды кубалап сабап, бышып жаткан этти жеп, шылдыңдап, басмырлагандан кийин чыр күчөгөн. “Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” деп ошондон калган. Мунун баары ысырапкерчиликтен чыккан.

Ошондуктан конверт берүү дегенди жоюш керек. Болбосо токтобойт. Конвертти карызды кайтаруу деген түшүнүктө алып барышат. Мындай туура эмес түшүнүктөн элди куткарыш керек. Бир жагынан мындай караганда куран окутуп, аш берип жатып акча жыйнап алуунун өзү адепсиздик.
Бул да чиновниктер ойлоп тапкан ыкма. Адегенде өзүнүн кол астында же түздөн-түз же кыйыр түрдө иштеген кызматкерлерден, орой айтканда кошоматчылардан акча жыйноо максатында чыгарылган нерсе. Бул акырындык менен элге жайылды да, кадыресе көрүнүшкө айланды.

Муну шарияттын негизинде карай турган болсок, ысырапкерчиликке тыюу салынган. Бул пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-саламдын да хадистеринде  келтирилген.

Ушул жерде бир окуяны мисал катарында келтирейин. Халиф азирети Абу Бакир, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-ас-саламдан кийин падыша болгон. Ал өлүм алдында жатканда текчеде турган чытка көзү түшөт да “Менин эски көйнөктөрүмдү таза жууп туруп, ошого ороп кепин кылгыла. Тиги турган жаңы мата тирүүлөр үчүн керек. Өлгөндөр үчүн керек эмес” деп керээз калтырган. Андан кийин Умар да халиф болгон. Ал жадакалса, өкмөттүн ишин иштеп жатканда казынанын шамын жагып, өзүнүн жеке иши үчүн өзүнө тиешелүү шамды жаккан.

Демек, элибиздин жашоо-шартын оорлоткон маселе бул- ысырапкерчилик. Дегеним, ошо 2012-жылда китеп жазуу үчүн ысырапкерчиликтин чыгашаларын өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып, 2 миллиард долларга жеткенин эсептеп чыкканмын. Азыр бул көрсөткүч эксперттердин айткандарына караганда 50 миллиардка жетиптир. Бул УТРКнын “Негизги” деген көрсөтүүсүнө катышканыбызда эфирге тартылып жаткан учурда эксперт айтканын өзүм уктум.

Мунун чындыгы бар, анткени эл байыган сайын мактануу менен эки нерсе роль ойноп жатат. Биринчиси, акча жыйноо. Экинчиси атаандашуу. Булар бири-бирине коштолуп отуруп, чиновниктер, колунда бийлиги барлар жана байлар ошол өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, акча жыйноо жараяны жүрүп жатат.

– Демек, элдин жашоо-шартын оорлоткон да ысырапкерчилик болуудабы?

-Ооба, кыргыз салтында дегеле ысырапкерчиликке жол берилген эмес. Азыр, тескеринче, өлгөн кишиге эстелик коюу да атаандаштыкты пайда кылды.

Атаандаштыктан кутулуш үчүн эл байларды, чиновниктерди ээрчибестен, конверт  берүүнү кан буугандай токтотуш керек.

Бир айымдын уулу Канадада иштеп, тапкан акчасын апасына баарын жөнөтөт. Атасынын көзү өткөн экен. Апасы тааныштарынын баарын чакырып ресторандан той өткөрөт. Келген конокторду тейлөөдө 5 миң доллар кетет. Жыйынтыгында акчасы жетпей карызга батат. Тилекке каршы, мындай учурлар ондоп саналат.

– Тойлор тамадасыз өтпөй калды. Алардын адаттан тыш аракеттерине тыюуга болобу? Дегеле, тамада деген аталыш кайдан чыкты?

– Тамада – кадимки эле концерттин алып баруучусу. Бул термин кечээ жакында эле чыкты. Бул өтө аша чапкандык жана маданиятсыздык.

Анткени тамадалар аша чабуу менен эркек-аял, кары-жаш дебей элдин көзүнчө бийлетип, терс көрүнүштөрдү пайда кылып, жаштарга терс сапаттарды көрсөтүшүүдө. Муну менен тамадалар өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп отуруп, кыргыздын нукура каада-салтына терс таасирин тийгизишүүдө.

Кала берсе маданиятка, этикага сыйбаган, адепсиздиктер менен коштолгон аракеттерге барганы аз келгенсип, даңкылдаган музыкалар менен элдин убактысын ысырап кылып жатышат. Бул шариятка да сыйбаган нерсе.

Дагы бир токтоло кетчү нерсе, аш-тойлордогу ысырапкерчиликтин дагы бир терс таасири бул – аял, эркек дебей ашыкча салмак кошуп, орой айтканда семирүүгө алып келип жатат.

Негизи, салт бузуунун башаты үйлөнүү той учурунда болуп, ээрге отурганда эле кыйшык отуруп жатышат. Күйөө менен колуктуну аксакалдардын көзүнчө бийик секиге алып чыгып алышат. Негизи, салт боюнча жаңы келинди көз тийбесин деп мүмкүн болушунча жашырган. Ал эми келиндин да ачык, чачык кийинип алып бийик жерде отуруп алышы деле акылга сыйбайт. Бул да кыргыздын маданиятына карама-каршы келген иш.

Ошону менен катар эле тойдогу тамадалар тарабынан уюштурулган жапайы оюндар биз кыргыздарда эле эмес, казак элинде да күчөдү. Ресторандарга ат менен кирип, ат заңдаган учурлар интернет желесине таркап жатат. Же болбосо, табытка окшогон нерсеге тирүү кишини салып алып, көтөрүп келип, таажы кийгизүүгө чейин барып жаткан окуялар катталып жатат. Бул жөн эле көрсөтүлбөй, аксакал аял-эркек дебей кыйраңдап бийлеп, жаштарга терс көрүнүштү көрсөтүшүүдө. Муну менен аксакаладар кадыр көрсөтүп, салабаттуу болуштун ордуна, баркын кетиришүүдө.

-Жакында Жалал-Абад облусунун казысы УКМКнын төрагасы К. Ташиевге тойлорду көзөмөлгө алууну сунуш кылды. Балким, чын эле азыр өлкөбүздүн баардык тармактарында тартип орнотуп жаткан адамдын тойлорду да көзөмөлгө алуусу керектир?

-Жалал- Абаддын казысы элге же кимдир бирөөлөргө жаман көрүнүп калам дебей, аябай көйгөйлүү маселени көтөрүп, Камчыбек Ташиев барганда өзүнө кайрылды. Өтө туура кылды. Бул кечиктирбей турган маселе. Себеби, бийлик кайсы бир өлчөмдө мыйзам кабыл алуу аркылуу жөнгө салуу керек. Мисалы, той эки сааттан ашпаган чектөөнү киргизүү зарыл. Мунун ичинде акча жыйноо такыр жоюлуп, кишилердин саны чектелип, 100дөн 200 кишинин айланасында болушу шарт. Ошону менен катар кафе, ресторандар мыйзамга баш ийбеген учурда айып пул салынышы керек. Ал эми тамактар бир, ашып барса эки тамак менен чектелсе жетишет. Мындан тышкары мүмкүнчүлүктүн болушунча той, аштар үйдөн өткөрүлүүсү  туура болот.

-Эмне үчүн өлкөбүздүн муфтияты, жалпы аймактардагы муфтий, казылар аш-той, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарды азайтууга белсенип киришпей жатышат?

-Бул ишке муфтият белсенип киришип, кала берсе, өкмөттөн да катуу тартип менен көзөмөлгө алынганы оң. Аймактардагы казылар, имамдар да ысырапкорчулукка катуу киришип, элге түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлсө натыйжасы болот.

– Кыргыз салтындагы негизги тойлор кайсылар?

– Кыргыз элинин негизги тойлору эркек же кыз балалуу болгондо жана келин алганда той беришкен. Бүгүнкү күндө жаңы пайда болгон “Кыз узатуу той” деген дүңкүлдөткөн чоң той болгон эмес. Кызды бир нече аял, жеңелери, байбичелер акырын гана узатышкан. “Түштөндүрүү” деген такыр болгон эмес.

Учурда, алтын той, күмүш той жана башка аталыштагы тойлор менен кошо 50, 60, 70, 80, 90 жашка  чыкканын белгилеген тойлор эгерим болгон эмес. Мындан тышкары туулган күнүн белгилөө тойлору чыгып, акча жыйноонун куралына айланды.

Маркумга эстелик коюу да ашыкча. Муну да токтотуш керек. Себеби, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин жерлер кайра пайдаланууга берилет. Бул жагынан алып караганда цемент сыяктуу узак убакытка туруучу маталлдардын жайга коюлбашы керектигин элге сиңиртүү кажет.

-Азыр калың деген түшүнүктөн мурда, махр деген термин кирип, кыздар кадимкидей доолашып жатышат? Бул туурабы?

-Калыңдын өлчөмүнөн көп суроо да Ислам динине карама-каршы келет. Азыр кыздарга калың көп суралып, жигиттер үйлөнө албай, кыздар турмушка чыкпай жүрөт. Мунун аягы зынакорлукка барып,  трагедия менен коштолуп жатат десек да туура болот. Бул да биздин динге туура келбейт. Биздин шарият боюнча, тойлор жөнөкөй болушу керек деген пайгамбарыбыз.

Махр деген термин – калың деген сөз. Калың шариятка ылайык, ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша, жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Калыңдын суммасынын көбөйгөнү, талаптын жогорулашынын эсебинен чыр чыгып жаткан учурлар бар. Мындан тышкары кээ бир кыздар махр деп өтө аша чапкандары бар. Муну да чектеш керек. Үй-бүлөлүк бакыт калың менен чектелбейт.

Махр- өзү кызга берилет. Кыз аны кандайча пайдаланат, анын иши. Бирок, азыркы кыздар үй сураганга чейин барып жатышат. Эгер мындай көрүнүш улана бесе, кыздар күйөөгө тийбей калуу ыктымалдуулугу да бар.

– Бата жана батанын маанилүүгү канчалык? Бата үйдө берилиши керекпи?

– Бата – эң ириде өтө баалуу нерсе. Той, аш, жентек кандай гана той берилбесин, биринчи көңүл батага бурулушу керек. Элдин ыраазычылыгы менен соопчулукка көңүл бурулуп жакшы ниеттер менен ырыскынын мол болушун Кудайдан тиленгенибиз туура.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аш-тойкаада-салтТойысырапкорчулук
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Учанын баасы канча: Кыргыздын наркы соодага айландыбы?

Учанын баасы канча: Кыргыздын наркы соодага айландыбы?

30.08.2026
Ашыкча ысырапкорчулукка жол жок. Өзбекстанда үйлөнүү тою жана аш-тойлор катуу көзөмөлдөнөт

Ашыкча ысырапкорчулукка жол жок. Өзбекстанда үйлөнүү тою жана аш-тойлор катуу көзөмөлдөнөт

22.09.2025
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын калкын ысырапкерчиликтен баш тартууга үндөдү

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын калкын ысырапкерчиликтен баш тартууга үндөдү

06.03.2025
Жетилик, кыркылык деп мал союуга болбойт. Муфтият маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелерин камтыган фатва чыгарды

Жетилик, кыркылык деп мал союуга болбойт. Муфтият маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелерин камтыган фатва чыгарды

21.02.2025
С. Касмамбетов, КРнын Мамлекеттик катчысы: Акыркы мезгилде эл өзү эле аш-тойдо ашкере чыгымды чектей баштады

С. Касмамбетов, КРнын Мамлекеттик катчысы: Акыркы мезгилде эл өзү эле аш-тойдо ашкере чыгымды чектей баштады

06.02.2025
Түркмөнстанда тойлордо Бердымухамедовдун ырлары жаңырат

Түркмөнстанда тойлордо Бердымухамедовдун ырлары жаңырат

08.02.2024
Адам болуш да ибадат

Адам болуш да ибадат

14.12.2023
Кыргызстандын эң бай адамы тойдогу ашкере чыгымды азайтууну сунуш кылды

Кыргызстандын эң бай адамы тойдогу ашкере чыгымды азайтууну сунуш кылды

29.11.2023
Элди жок бириктирет  же кыргыз көчүн татыктуу уланталы!

Элди жок бириктирет же кыргыз көчүн татыктуу уланталы!

30.09.2023

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.