Той эле болуп турсун, тапкан-ташыганыбыз тойлорго буйрусун, дейт кыргыз. Ооба, той – барчылыктын, токчулуктун символу сыяктуу…
Бирок той маанайыңды пастатып, зериктирме болуп баратат. Маселен, саат 6да баштала турган той, 7:30-8:00ге чукулдап башталат. Анан да:
– тойду ыгы жок созуу;
– ашмалтайы чыккан оюндар;
– билими тайкы, маданияты жарды тамадалар;
– тойдо “атабызга, апабызга сөз берели” деген тантыраган жана оюн ойнотом деп, жаштарды чыгарып алып тоңкойтуп, талтайтып ж.б. бийлетип, ошого маашырланган алып баруучулар;
– той жаштардыкы дегенге басым жасап, улуу муундагыларды сыйлабоо;
– ансыз да кыймылсыз жашоо образындагы бул турмушта, улгайгандарды экспонат катары 7-8 саат отургузуп коюу;
– 2-3 кишиге сөз берем деп, топуратып 30-50 кишини кепке чыгарып убакытты алуу;
– ашмалтайы чыккан оюндарды ар бир тойдо кайталоо ж.б.
Тойдун максат-маанисин андан бетер азайтып, адамдардын көңүлүн кайт кылууда.
Демек, турмуш тойдун форматын өзгөртүүнү абдан талап кылат!
Кечирип коесуздар, мен мындай тойлорго бара албайм!!!
Өзүн-өзү сыйлаган ар бир инсан топураган массанын арасында убактысын кетирип, ден соолугун бузууну каалабайт!..
Өктөм Калыева,
(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).



















