Кечээ (29.09.23) А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Дүйнөлөшүү жана улуттук иденттүүлүк” – деген теманы талкуулаган Кереге Кеңешке илимий-чыгармачылык чөйрөнүн, коомчулуктун элүүгө жакын өкүлдөрү катышты. Кереге кеңештин жүрүшүндө Президент С. Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аталышындагы китебинде улуттук жолго кайтуунун зарылчылыгы туура көтөрүлгөндүгү баса белгиленди. Жыйынга Президенттин кеңешчиси Ч. Абыкеев катышып, сөз сүйлөдү.
Жыйында филология илимдеринин доктору К. Конкобаев, Кыргыз эл жазуучусу, “Манас эл” коомунун төрагасы А. Жакшылыков, Манас изилдөөчү, жазуучу Т. Токтогазиев, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы К. Кошалиев,”Нуркыргыз” коомунун төрайымы Н. Жуман, “Улуу тоолор” басмаканасынын директору, акын Ж. Кадыровдор баяндама жасашты. Жыйырмадан ашык адам жарыш сөзгө чыгышты. Жыйындын ишин жөндөп алып барган психология илим кандидаты Мырзабек Камчыбек уулу болду.
Негизинен кеңешмеде сөздүн нугу азыркы дүйнөлөшүүнүн капшабынан канткенде аман чыгабыз, кайсыл жол менен өнүгөбүз, эмне маселелерди кечиктирбей колго алуубуз зарыл- деген маселелердин тегерегинде жүрду.
Эгемендикти жарыялаган күндөн баштап эле өнүгүү багытыбызды так аныкташыбыз керек эле. Элден сурабай туруп Акаев салып жиберген “Ачык либералдык демократиялык коом” аталышындагы жол менен отуз жыл өмүр кечирдик. Аягында “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”, кааласам байпагымды башыма кийем деген коомду жаратып алдык. Кеч болсо да акыркы жылдары бул маселени түшүнүп, өзүбүздүн ата-бабалардан келе жаткан нарктуу жолубузга түшүүнүн зарылчылыгы күн тартибине коюла баштады. Улуттук нарк, Руханият, улуттук баалуулуктар боюнча Президенттин бир канча Жарлыктарынын чыгышы буга далил боло алат.
Дүйнө глобалдык өзгөрүүгө баратат. Керек болсо “ар кандай кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”- деген да сөз бар. Илимий тил менен айтканда кванттык өзгөрүүлөрдүн арты менен жаңы эволюциялык өнүгүүнүн айдыңына чыгуу процесси жүрүп жатса, компьютердин тили менен айтканда перегрузка бүтө жаздап калды десек болчудай. Дүйнөлөшүү процессинен чочулоонун кереги жок, болгону акыл менен өз кызыкчылыгын ойлоп жатышкан “Дүйнөлүк Өкмөт” аталышын алып жүргөн топтун өзүмбиледигин тизгиндеп, биз да өз энчибизди алып, озуйпабызды аткарып, бул кырдаалдан жеңиш менен чыгышыбыз керек.
Демек, мындай шартта биз кыргыздар башатыбызга кайтып, тамырды бекемдеп, руханий өзөгүбүздү күчөтүүбуз зарыл болууда. Президент да ушул маселени аталган китебинде ынанымдуу жазыптыр.
Андыктан, кыргыз элинин коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасындагы үй-бүлө, аксакалдык, бийлер, уруулар, Элдик Курултай институттарын заманбап орду менен калыптандыруу маселеси алдыбызда турат.
“Манастөр” салттуу билим борборун түптөп, элибиздин токсон түрлүү өнөрлөрүн иликтеп, изилдеп, иреттеп китеп кылып чыгаруу керек. “Кыргыздын кырк китеби”- деген түрмөктү колго алуу зарыл.
Ушул комплекстүү иштердин жыйынтыгы катары “Кыргызстандын Руханий Баш мыйзамы” – (Кодекси, Конституциясы) аталышындагы документти өлкөдөгү билгилер менен биргеликте иштеп чыгып, 2023-жылдын 15-декабрында боло турган Элдик Курултайда бекитип алсак эң сонун иш болот эле. Көп жылдардан бери ушундай ойлордун үстүндө иштеп, жазып келе жаткан топтор, уюмдар, жеке адамдар көп.
Мисалы, ушундай эле сунушту үлкөн окумуштуу, философ Алмаз Акматалиев да өзүнүн ФБ баракчасына жакында эле жазганын окугам. Академик Ч. Арабаев жетектеген топ “Үй-бүлө кодекси” – аталышындагы документтин долбоорун даярдап жатышыптыр. Азыр бул багыттагы иштер мамлекеттик бийлик тарабынан колдоого алынып жаткан мезгилде, ар кандай тирешти токтотуп, ынтымак-биримдик менен коомдук мунасага келип, кыргыз көчүн татыктуу улантуу – турмуштук зарылдык болуп турат.
Кадыр Кошалиев.