Ушул жуманын аягында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактасы салтанаттуу түрдө ишке киргизилет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын билдирүүсүнө таянып “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттиги жазды.
23-май – дүйнө жүзүнөн келе турган катышуучулар, коноктор жана туристтер үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат.
Салтанаттуу аземде – концерттик программа, көрсөтмө оюндар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча атайын оюн-зооктор көрсөтүлөт. Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын белектери (сувенирлери) берилет.
“Электрондук такта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучу, конок, турист жана кыргызстандыктар үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат. Ал дүйнөдөгү ири этномаданий жана этноспорттук окуялардын бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап келе жатканын көрсөтүп турат”, – деп айтылат маалыматта.
Электрондук тактада Көчмөндөр оюндарынын баштала турган датасын утурлай артка санак башталат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргызстандын ошол мезгилдеги президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, ал 2014-жылдын сентябрь айында эл аралык аренага алып чыккан. Бул эл аралык спорттук мелдеш тарыхта биринчи жолу алгачкы ирет Чолпон-Ата шаарында өткөн.
Дүйнө жүзүндөгү көчмөндөрдүн спорттук майрамы эки жылда бир өткөрүлүп келет.
I , II, III оюндар Кыргызстанда, IV оюн Туркияда, V оюн Казакстанда өткөн. Ал эми VI оюн кайрадан Кыргызстандын Бишкек жана Чолпон – Ата шаарларында өтөрү күтүлүүдө.
Көчмөндөр оюндары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана ЮНЕСКО тарабынан маданияттар аралык диалогду жана көчмөн элдердин материалдык эмес мурастарын сактоонун эң натыйжалуу куралы катары расмий таанылган.



















