Стамбул университетинин профессору Абдуллах Акат «Анадолу» агенттигине берген маегинде музыка, бий, эпостор жана көчмөн маданияттардын салттары бүгүнкү күндө да жашап жатканын белгиледи.
Кыргызстанда 1–6-сентябрь күндөрү өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар кайсы өлкөлөрдөн келген изилдөөчүлөрдү жана искусство ишмерлерин бириктирип, салттуу маданий мурастарды сактоо жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүү маселелерин талкуулоого аянтча түздү.
Бул тууралуу Стамбул университетинин Мамлекеттик консерваториясынын музыка таануу кафедрасынын башчысы, профессор Абдуллах Акат «Анадолу» агенттигинин кабарчысына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, алты күндүн ичинде Ысык-Көл аймагында илимий конференциялар, эл аралык мелдештер, мастер-класстар, концерттер жана чыгармачыл жолугушуулар өттү.
Конференцияларга 38 өлкөдөн окумуштуулар жана эксперттер катышты. Алар, атап айтканда, санариптик этномузыка таануу, жасалма интеллект, архивдөө жана салттуу музыканы изилдөөдө жаңы технологияларды колдонуу маселелерин талкуулашты.
Акат кара деңиз кеменчеси жана жарым көчмөн маданий мурасы боюнча изилдөөсүн сунуштап, ошондой эле «Эпостор жана баяндоо өнөрү» категориясы боюнча эл аралык калыстар тобунун курамына кирди.
Профессордун айтымында, дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 16 артисттин өнөр көрсөтүүлөрү алардын музыкалык чеберчилиги менен гана эмес, маданий эс-тутуму жана баяндоо салттары менен да таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
«Маданий мурас жашап, аткарылып, муундан муунга өткөрүлүп жана жаңы муундар менен өз ара байланышта болуп турганда гана жаш бойдон калат», — деди Акат.
Акат көчмөн маданияттар жөн гана «өткөн дүйнө тууралуу романтикалык эскерүү» эмес экенин баса белгиледи. Анын сөзүнө караганда, алардын музыкасы, бийлери, эпостору, кол өнөрчүлүгү, ырым-жырымдары жана билимди өткөрүп берүү ыкмалары бүгүнкү күндө да жашап келет.
Профессор көчмөндөрдүн маданий мурасын келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн аны жөн гана сактап калуу жетишсиз экенин белгиледи. Ошондой эле аны изилдөө, документтештирүү, билим берүү аркылуу өткөрүп берүү, санариптик чөйрөдө архивдөө жана ушул мурастын алып жүрүүчүлөрү болгон коомчулуктарды жана артисттерди колдоо зарыл.




















