VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги маданий бөлүгү өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда орун алган “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы бүгүн жөн гана оюн-зоок эмес, дүйнөлүк цивилизациялардын башын бириктирген эл аралык маданий диалогдун ири борборуна айланды.
Көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган эл аралык павильондордо жана этнобазарда чет өлкөлүк катышуучулар өздөрүнүн тарыхый, маданий жана өзгөчө баалуу экспонаттарын коомчулукка тартуулап жатышат. Этнобазардын түркүн түстүү павильондорунда кыргыз уздарынын кол эмгегинен тышкары, чет элдик чеберлеринин колунан жаралган, таза жибек жана алтын, күмүш жиптер аралаштырылып токулган чакан килемчелер өзгөчө орунду ээледи.
Иран павильонундагы эң назик жана кымбат баалуу экспонаттардын бири — пилдин сөөгүнөн жасалган, таң каларлык деталдары менен суктанткан кол өнөрчүлүк кутучалары болду. Кутучанын бирөөсүнүн баасы 10 000 сомго бааланды. Ирандык усталар пилдин сөөгүн иштетүүдө дүйнөгө атагы чыккан “Хатемкари” ыкмасын колдонушарын айтышты. Ирандык устанын айтымында, пилдин сөөгүн, баалуу жыгачтарды жана жез зымдарын ичке кылып тилип, аларды бирге чаптап, өзгөчө геометриялык мозаикалык түрдө курашат. Пилдин сөөгү өзүнүн бекемдиги, убакыттын өтүшү менен өңүнүн өзгөчө саргыч тартып кубулушу жана назик оюуларды жасоого ийкемдүүлүгү менен байыртадан бери падышалардын гана буйрутмасы менен жасалып келген тарыхый баалуулугу менен айырмаланат.
Казакстандык усталар байыркы көчмөн жоокерлердин соот-куралдарын, териден жасалган кымыз куюучу идиш жана малдын сөөгүнөн, мүйүзүнөн жасалган кооздук кутучаларды, камчыларды тартуулашты. Мындан тышкары, улуттук кийим – кечелер, күндөлүк керектелүүчү саймаланган буюм-тайымдарды көрсөтүштү.
Өзбек кол өнөрчүлөрү дүйнөгө белгилүү Риштан чопо идиштерин гана эмес, павильонго улуттук бычактарды коюшту. Ошондой эле, нукура алтын жана күмүш жиптер менен колдо сайылган салтанаттуу чапандар чет элдиктердин көңүлүн өзүнө бурдура алды.
Монгол чеберлери байыркы технология менен мүйүздөн, сөөктөн жана атайын жыгачтан куралып жасалган Көчмөндөрдүн улуттук жааларын көрсөтүштү. Ошондой эле, алардын катуу териден жасалган бут кийимдери өзгөчө ыкма менен жасалганы таңыркоону жаратты.
Кырчын жайлоосундагы эл аралык этнобазарга Чыгыш Африкадан танзаниялык уздар жана чеберлер катышты. Алар өздөрүнүн экзотикалык жана өтө байыркы улуттук кол өнөрчүлүгүн тартуулашып, эмгектери этношаарчага өзгөчө африкалык колорит жана жандуу маанай тартуулады.
Кырчын жайлоосундагы эл аралык маданий аянтчага Кырым татарларынын уздары жана чеберлери да келип, өздөрүнүн өзгөчө, назик жана терең тарыхка бай улуттук кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.
Кырым уздарынын өнөрү Чыгыш менен Европанын маданиятын айкалыштырган өзгөчө эстетикасы менен Кырчындагы этнобазардын көркүн ачты. Айрыкча таза кездемеге терини айкалыштырып тигилген жасалгасы көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Кырчын жайлоосундагы эң маанилүү жана руханий жактан өзгөчө павильондордун бири – Россия Федерациясынын Алтай Республикасынан келген уздун аянтчасы болду. Алар Кырчынга өздөрүнүн уникалдуу бренди болгон “Айбанаттар стилиндеги” мурастарды алып келишкен.
Алтайлык Айсунанын көргөзмөсүндөгү байыркы кол өнөрчүлүгү, буюмдары кыргыз жыттанып, таза кездемеге тигилген жибек жиптер менен кооздолуп тигилген саймалар, жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн туш кийиздер абдан чеберчилик менен жасалганы көрүнүп турду. Айсуна кыргыз жана алтай элдеринин миңдеген жылдык тамырлаштыгын, маданий жана тилдик жактан окшоштугу бар экенин кыргызстандыктарга айтып берип жатты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук программаларына жалпысынан дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети катышууда. Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасында ачылган “Этно-Базар” жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө өлкөлөрдүн ичинен негизги көчмөн маданиятын сактаган ондогон чет элдик мамлекеттердин өнөрчүлөрү жана Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү өз эмгектери менен келишкен.
Катышып жаткан негизги өлкөлөр – Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан. Андан тышкары, Түркия, Монголия, Россия, Иран жана башка улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулап жатышат.
Иш-чарага Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Саад Аль-Каддуми баштаган эл аралык делегациялар катышты.
Турдайым Кожомбердиева,
Кырчын жайлоосу






















