Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программалар көчмөн цивилизациясынын оюндарын даңазалады.
Бул масштабдуу этнофестивалдын көркүн ачкан уникалдуу номерлердин бири базар-коргондук дарбазчы Өткүрбек Жураевдин аркан үстүндөгү өнөрү болду. Анын керней-сурнай менен добулбастын шаңдуу үндөрү коштогон дар үстүндөгү оюну көпчүлүктүн көңүлүн буруп, конокторду өзгөчө абалға жетеледи.
Дарбазчынын колундагы узун жана ийилчээк шыргый – тең салмактуулукту кармоонун гана эмес, аркан үстүндөгү ар бир кадамдын алдындагы тобокелчиликти, эркти жана чексиз чеберчиликти талап кылары көрүнүп турду.
Дарбаз оюнуну – атайын орнотулган бийик мамылардын ортосунда тартылган арканда ар кандай коркунучтуу жана татаал трюктарды аткаруу менен коштолот.
Оюн аркан үстүндө басуу Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде эң көп өзбек жана тажик элдеринде ойнолот жана абдан кеңири таралган улуттук оюн болуп саналат. Бул салттуу цирк оюн-зоок өзгөчө Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө, айрыкча, Андижан, Кокон, Маргилан шаарларында өнүккөн жана муундан-муунга өтүп сакталып келет.
Бул оюн адатта улуттук майрамдарда, тойлордо көрсөтүлөт.
Турдайым Кожомбердиева,
Кырчын жайлоосу




















