Антарктидада жайкы сезон ичинде дүйнөдөгү эң ири айсберг болгон А23а өзүнүн аянтынын 36%ын жоготту. Бул тууралуу Арктикалык жана антарктикалык илимий-изилдөө институтунун (ААНИИ) Telegram-каналында кабарланды.
Андагы маалыматта белгиленгендей, айсбергдин көлөмү 2730 чарчы километрден 1750 чарчы километрге чейин кыскарган. Негизги массасынан ар бири 60тан 300 чарчы километрге чейинки үч чоң бөлүк бөлүнүп кеткен.
Башында, 1986-жылы А23а Фильхнер шельфтик муздугунан бөлүнүп чыкканда, анын аянты 4100 чарчы километрден ашык болгон.
Бир нече он жыл бою айсберг Уэдделла деңизинде тайыз жерде туруп калган, кийин Антарктида жарым аралынын жээгин бойлой жылып кете баштаган. 2023-жылдын аягында ал ачык деңизге чыгып, агымдардын таасиринен болжол менен 930 чакырым жылып, 2025-жылдын башында Түштүк Георгия аралынын жанына жеткен. Аралдан 80 чакырым аралыкта айсберг кайрадан тайызга туруп, январдан майга чейин ошол жерде калган. Андан кийин ал аралдын жанында кыймылын уланткан.
Буга чейин Канаданын жээгинен уникалдуу айсберг табылган.





















