АКШнын Колорадо штатындагы окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы тынчсыздануу жаратты — алар Хектория мөңгүсүнүн рекорддук ылдамдыкта эрип жатканын аныкташкан, деп билдирет “Про Недра” маалымат агенттиги.
2023-жылдан бери мөңгүнүн аянты 8 чакырымга кыскарган — бул мурда болуп көрбөгөн көрүнүш. Хектория мөңгүсү тышкы факторлорго өтө сезимтал, анткени анын түбү катуу тоо тектеринин үстүндө жайгашкан. Мындай өзгөчөлүк муздун тез эришине жана айсбергдердин бөлүнүп чыгышына шарт түзөт.
Хекториянын жалпы аянты болжол менен 300 чарчы чакырымды түзөт, бирок ушундай эле процесстер ири муз катмарларында да улана берсе, дүйнөлүк океандын деңгээлине олуттуу таасир этиши мүмкүн.
Алынган маалыматтардын негизинде окумуштуулар келечекте муздардын эриш динамикасын жана анын глобалдык климатка узак мөөнөттүү таасирин так божомолдой турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.



















