Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон 9-июнда Ниццада өткөн БУУнун Океан боюнча үчүнчү конференциясынын алкагында жолугушту.
Бул тууралуу тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, тараптар соода-экономикалык, энергетикалык, өнөр жай, айыл чарба тармагындагы, ошондой эле инвестиция, технология жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы менен келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштарга, илим, билим берүү жана туризм тармагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Макрон Эмомали Рахмонго Ниццадагы эл аралык иш-чараларга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстандын глобалдык суу жана климаттык күн тартибин илгерилетүүдөгү активдүү ролун белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык платформаларда, анын ичинде БУУда кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин ырастап, глобалдык жана аймактык коопсуздук, анын ичинде терроризм жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Кошумчалай кетек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушу тапта БУУнун океан конференциясына катышып, глобалдык суу көйгөйлөрү боюнча сөз сүйлөдү.
Ал белгилегендей, Тажикстан деңизге чыга албаганына карабастан, суу жана климаттын күн тартибинде негизги ролду ойнойт. Президент өлкөнүн глобалдык демилгелерин, анын ичинде Душанбедеги суу процессин жана Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөрдүн күнүн эске салып, океандарды коргоо үчүн жамааттык аракеттерди көрүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, 9-июндан 13-июнга чейин өтүп жаткан БУУнун Океан боюнча үчүнчү конференциясына 50гө жакын мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда. Алардан тышкары илимпоздор, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жалпы миңден ашык киши катышып жатат.
Океанды коргоо боюнча 2023-жылы 115 өлкө кол койгон, бирок азырынча алардын 28и гана ратификациялаган. Күчүнө кирүү үчүн талап кылынган босого – 60 өлкө. Азырынча буга жете элек. Келишим дүйнөлүк океандардын 60%ын камтыйт.


















