Окумуштуулар “тынч өлтүргүч” деп атаган ысык толкундардын кесепетинен дүйнөдө жыл сайын миңдеген адамдар өмүрү менен коштошот. Айрыкча быйыл аномалдуу ысык чегине жетти.
Ушу тапта жайдын аптаптуу ысыгынан Францияда мектептер убактылуу жабылса, Германияда токойдо өрттүн чыгышына себепчи болгон. Ал эми Түштүк Кореяда 5 адам өмүрү менен коштошту.

Түштүк Кореяда 600дөн ашуун адам ооруканага кайрылды
Түштүк Кореяда июнь айынын башынан бери 633 адам ысыктан жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Алардын ичинен беш адам каза болду.
Бул маалыматты Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттигине шилтеме берүү менен Yonhap агенттиги жазды.
Андагы маалыматка караганда, Түштүк Кореяда күндүн катуу ысышы күтүлгөндөн бир ай эрте келген. Суткалык орточо температура 35 градуска жетти.
“Бейшемби күнү ысыктын кесепетинен эки өлүм катталып, жалпысынан 100 адам оорулары боюнча медициналык жардамга кайрылышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилденгендей, июнь айынын башынан бери 633гө жакын адам ысыктан жапа чегип, набыт болгондордун саны 5 адамды түздү.
28-июндан бери күн сайын орто эсеп менен 50гө жакын адам ысыктан чарчоо, күн нуруна урунуу жана конвульсиялар менен ооруканага кайрылышкан. Алардын 77,4%га жакыны эркектер.

Францияда 1350гө жакын мектеп убактылуу жабылды
2025-жылдын 1-июлунда Францияда өзгөчө катуу ысыктан улам өлкөнүн 16 департаментинде, анын ичинде Парижде кызыл кооптуу абал жарыяланган.
Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 1350гө жакын мектеп толугу менен же жарым-жартылай убактылуу жабылды.
Метео-Франс метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, кызыл кооптуу абал жарыяланган аймактарда абанын температурасы күндүз 41 градуска чейин чыккан.
“Өлкөдө аномалдуу ысык аба ырайы озондун булганышынын кескин көбөйүшүнө алып келди”,- деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Париж полициясы жол кыймылына чектөөлөрдү жарыялап, газды аз чыгарган унааларга гана кирүүгө уруксат берген. Ал эми башка унааларга жолдордо жүрүүгө тыюу салуу менен бирге бир катар аймактарда ылдамдыкты чектөөнү киргизген.
Испанияда дагы адамдар каза болду
Испаниянын бийлиги өлкөнүн шаарларында ысыктан бир нече адам каза болгонун, дагы 300ү ооруканага жаткырылганын кабарлады. Ошондой эле өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Лерида провинциясындагы токой өрттөнгөн. Бул кырсыктан дагы 2 адам каза болгон.
Өрттүн кесепетинен токойдун 6,5 миң гектары күйүп кеткен.

Германияда жүздөгөн гектар токой күйүп жатат
Германиянын Саксония жана Бранденбург штаттарынын чек арасында чоң өрт күйүп жатат.
Тилсиз жоо 600 гектарга жакын токойду басып калган. Эки өрт өчүрүүчү жабыркап, 100гө жакын адам, анын ичинде майыптар үчүн мектеп-интернаттын тургундары эвакуацияланган.
Дагы бир токой өртү Саксония-Анхальт штатында, Квадлинбург шаарына жакын жерде катталды. Анда беш миң чарчы метр токой күйгөн. Өрт тез арада өчүрүлгөн, бирок түнкүсүн жаңы очоктор пайда болгон.
Аномалдуу ысык Борбор Азияда кандай?
2021-жылдын июнь айынын башынан бери синоптиктер Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө аномалдык ысыкты каттап жатышат. Адистер аймактагы абанын орточо температурасы жыл сайын жогорулай турганын ишенимдүү айтышууда.
Тажикстандын Климаттын өзгөрүшүн жана озон катмарын изилдөө борборунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобуна шилтеме берип билдиргенине караганда, акыркы 100 жылда Борбор Азияда абанын температурасы 2 градуска жогорулаган.
“БУУнун маалыматы боюнча, көпчүлүк аймактарда абанын температурасынын жогорулашы жай мезгилине караганда кышында көбүрөөк байкалган. Бирок Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине байкоолор жетишсиз болуп жатканын жана маселени тактоо үчүн, анын ичинде тоолуу аймактарда дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин белгилей кетүү керек”, – деп айтылат борбордун баяндамасында.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда да аномалдуу ысык болуп, температуранын рекорддук көрсөткүчтөрү көп жылдык көрсөткүчтөрдү жаңыртты.
Айрым аймактарда абанын температурасы +40°С жана андан жогору болуп, июль айынын башындагы климаттык нормадан бир топ ашты.
Синоптиктер мындай кескин аба ырайы дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Айрыкча түштүк аймактарда – Баткен, Ош жана Жалал-Абадда ысык кургак шамал жана нымдуулуктун аздыгы менен коштолот.
Чүй жана Талас облустарында термометрдин көрсөткүчтөрү салыштырмалуу төмөн болгонуна карабастан, өзгөчө шаарларда тумчугуулар байкалат.


















