Telegramда эң ири криптовалюта боюнча акча адалдоочу аянтча болгон Haowang Guarantee же Huione Guarantee деген ат менен белгилүү болгон платформага байланышкан миңдеген аккаунттар, каналдар жана топтор блоктолду.
Бул тууралуу Wired басылмасы маалымдады.
Буга чейин блокчейн-операцияларды талдоого адистешкен Elliptic компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, жабылган платформа көлөкөдө иштеген каржылык ортомчу болгон. Ал Telegram ичинде гаранттык механизмди колдонуу менен жалпысынан 27 миллиард доллардан ашык мыйзамсыз криптовалюта активдерин адалдаган. Бул механизмде үчүнчү жак – шарттуу ортомчу транзакцияларга көзөмөл жүргүзүп турган.
Аянтча мындан тышкары ар түрдүү кошумча кызматтарды да сунуштаган: жеке маалыматтарды сатуу, дипфейк жасоочу куралдар, логистика жана физикалык товарларды (GPS жабдуулары жана электрошокерлер сыяктуу) сатуудан бери. Wired басылмасынын маалыматына ылайык, мындай жабдуулар Мьянма, Камбоджа жана Филиппиндеги кылмыштуу мажбурлап иштетүү лагерлеринде колдонулган.
Блоктолгон аккаунттар менен катар NFT-идентификаторлор, каналдар жана топтор да өчүрүлгөн. Алар платформанын операторлоруна тиешелүү болгон. Haowang Guarantee өкүлдөрү ишмердүүлүктү токтотконун ырастап, коштошуу билдирүүсүн жарыялашты.
Wired басылмасынын маалыматына караганда, бул массалык блоктоо Telegram тараптан Ellipticтин иликтөөсүнө түз жооп болгон. Иликтөөдө мыйзамсыз операциялардын көлөмү жана масштабы кеңири чагылдырылган.
Elliptic компаниясынын тең негиздөөчүсү Том Робинсон мындай жабылуу – тарыхтагы эң ири операциялардын бири экенин айтты. Ошондой эле алар аналогдуу дагы бир платформа — Xinbi Guarantee тууралуу маалыматты жарыялашты. Анын мыйзамсыз операцияларынын көлөмү 8,4 миллиард долларга жетери айтылды. Xinbi Guarantee да мыйзамсыз соодага байланышкан кызматтарды көрсөткөн.



















