Россапаттын санариптик экспертиза борбору Жеңиш күнүнүн алдында алдамчылык аракеттер кескин көбөйгөнүн аныктады. Кылмышкерлер расмий Мамкызмат порталына окшош жасалма сайттарды түзүшүп, ал жакта жарандарга 9-май майрамына карата «социалдык жардам» алууну сунушташууда. Бул тууралуу ТАСС агенттигине билдиришти.
Кооптуу топко атайын аскердик операциянын катышуучуларынын туугандары кирет. Алдамчылар аларга 50 миңден 200 миң рублга чейин төлөмдөрдү убада кылышарын Россапат белгиледи.
«Маанилүү даталардын алдында алдамчылар мурдагыдай эле ыкманы колдонушат: коркутушат же убада менен азгырышат, чечимди шашылыш кабыл алууга мажбурлашат жана жеке маалыматтарды киргизүүнү талап кылышат. Негизги ыкмалардын бири — жабырлануучуну “төлөм алуу” шылтоосу менен жасалма “Мамкызмат” сайтына киргизүү. Фишинг сайтта колдонуучу өзүнүн логинин, сыр сөзүн жана СМС аркылуу келген кодду киргизет», — деп айтылат маалыматта.
Аккаунтка киргенден кийин кылмышкерлер жабырлануучунун бардык жеке маалыматтарын — паспорт маалыматтарын, СНИЛСти, кредиттер жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды алышат. Бул маалыматтарды алар акча талап кылуу үчүн же жабырлануучунун жакындарына, мисалы, МФЦ кызматкерлери болуп чалып, колдонушат.
«Бардык тиешелүү төлөмдөр тууралуу маалыматты расмий сайттардан гана, браузер аркылуу өз алдынча кирип текшерүү керек. Шектүү сайттарда эч качан банк картасынын маалыматтарын, паспорттук маалыматтарды жана СМС коддорун киргизбеңиздер», — деп кеңеш беришти Россапаттан.



















