Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата Манас айыл аймагындагы Беш-Мойнок айылында “Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт жана таш майдалоочу жаңы заводдун ачылышы болуп өттү.
Заводдун жалпы долбоордук баасы 2 миллион АКШ долларын түзөт. Ишкана үч багытта иштейт: суткасына 2 миң тонна асфальт өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, таш майдалоочу бөлүмү саатына 550 тонна ташты иштетет, ал эми бетон буюмдарын (бордюр жана лоток) чыгаруучу бөлүмү күнүнө 4 миң даана продукция чыгарууга жөндөмдүү.
Комплекстин ишке кириши менен 60 адам жумуш орду менен камсыз болду. Мындан сырткары, өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыздоо максатында завод өзүнүн чийки зат базасына – кум жана шагыл алуучу карьерге ээ. Бул жаңы өндүрүштүк база Кара-Суу районундагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого чоң салым кошоору белгиленүүдө.
Быйыл Ош шаарынын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга Респбуликалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом, ал эми Ош облусунун автожолдорун оңдоого өлкөнүн турукташтуруу фондунан 4 миллиард сом бөлүнгөнүн президент Садыр Жапаров 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарада сүйлөп жатып билдирген.
Ал Ош облусунун жолдорун жакшыртууга бөлүнгөн каражат Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа, Ош–Баткен–Раззаков автожолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош–Кара-Суу автожолдорун оңдоого жумшала турганын белгилеген. Учурда Өзгөн–Кара-Кулжа автоунаа жолу 4 тилке болуп салына баштады.























