Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсүндө жаңы басылган асфальттын биринчи кабаты алынып салынды. Анткени жол астынан суу чыгып, саз пайда болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганын мэриянын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкулов түшүндүрдү.
“Азыр жолду куруу боюнча тендерди утуп алган компания өз эсебинен кайра жасоону баштады. Бул иштер сапатты камсыздоо жана келечекте жараксыз абалга келбеши үчүн жүргүзүлүп жатат. Жол Ош шаарынын мэриясы тарабынан азырынча кабыл алына элек. Аткарылып жаткан иштерге кошумча каражат да төлөнбөйт”, – деп жазылган мэриянын маалыматында.
Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине жаңы бастырылган асфальттын кайра буздурулуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда атайын техникалар асфальтты сыйрып жатканын көрүүгө болот.
Быйыл Ош шаарынын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга Республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен шаардагы 11 негизги көчөсү капиталдык оңдоодон өтө турган болгон. Ошондой эле тротуарлар жана жашыл аймактар жаңыланып, эскилиги жеткен жол оңдоочу техникалар жаңыртылмакчы.



















