Ош менен Кара-Суу шаарларын байланыштырып турган негизги автоунаа жолу жакынкы күндөрү капиталдык оңдоп түзөө үчүн атайын иштер башталат.
Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кара-Суу районуна болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Облус башчысынын айтымында, оңдоо иштери бир жумадан кийин башталат. Учурда бул багыттагы бардык уюштуруу маселелери чечилип, тиешелүү мекемелер менен макулдашуулар аяктаган.
“Нариман айланмасынан Кара-Суу шаарына чейинки 15 чакырым жол заманбап стандарттарга ылайык, төрт тилкелүү болуп курулат. Эки капталына тратуарлар, веложолу жана жарыктандыруу каралат”, — деди ал.
Ошондой эле жол курулушу башталганга чейин жергиликтүү бийликке жана тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин тез арада камсыздоо тапшырылды.
Буга чейин, Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртуу максатында өлкөнүн Турукташтыруу фондунан облуска кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражат негизинде облустагы стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа автоунаа жолу, Ош–Баткен–Раззаков багытындагы Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгү оңдолууда. Эми кийинки жумадан баштап, Ош–Кара-Суу унаа жолу оңдоло баштайт.
Быйыл Ош шаарынын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга деп Республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөн. Бул карадатка шардагы 11 негизги көчөсү капиталдык оңдоодон өтө турган болгон. Ошондой эле тротуарлар жана жашыл аймактар жаңыланып, эскилиги жеткен жол оңдоочу техникалар жаңыртылат деп айтылган.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов учурда калаада жалпысынан 35 көчөдө толук асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын билдирди.



















