Кыргызстандын волейбол боюнча Улуттук лигасынын XVII чемпионатынын жыйынтыктоочу турунда “Кара-Суу” командасы өлкөнүн чемпиондук наамын алгачкы жолу жеңип алды.
Волейбол федерациясынан билдиришкендей, Улуттук лиганын командалары арасындагы турнирде чечүүчү үчүнчү турга 4 команда чыгып, финалда «Кара-Суу» «Салам-Аликти» жеңип, өлкөнүн жаңы чемпиону болду.
3-орун үчүн беттеште Жалал-Абаддык «Бек» СКА МОРду утуп, коло байгени багындырды.
Чечүүчү оюндар Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.
Жогорку «А» лигасынын турниринде ОшМУнун «Университет» командасы жеңишке жетип, кийинки сезонго Улуттук лигага жолдомо алды.
Ал эми айымдар арасындагы өлкө чемпиону болуп «Дордой» командасы аталды.




















