Израилдин Bazan Group компаниясынын Хайфа порт шаарындагы мунай иштетүүчү заводу Ирандын ракетасы компаниянын аймагындагы электр станциясына тийгенден кийин ишин толугу менен токтотту.
Бул тууралуу Mehr News агенттиги Иран Ислам Республикасынын мунай министрлигинин маалыматына таянып жазды.
Израилдин Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясына шилтеме берип, Ирандын түздөн-түз соккусунун натыйжасында топтун объектилери колдонгон буу жана электр энергиясын өндүрүү үчүн жооптуу болгон электр станциясы олуттуу зыянга учурап, буга байланыштуу бардык мунай иштетүүчү объекттер жана анын туунду ишканалары жабылганын маалымдады.
Телеканал учурда компания кошумча зыянды эсептеп, аны оңдоонун жолдорун аныктап жатканын кошумчалады.
Израилдин 14-канал телеканалы мунай иштетүүчү заводдогу абалды оор деп атап, ракеталык соккудан ишкананын бардык объектилери жабыркаганын билдирди.
Буга чейин дүйшөмбүгө караган түнү Ирандын ракеталык чабуулунан Bazan Group компаниясындагы объектилерде үч адам набыт болгону маалымдалган.
Израилдин маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча Хайфадагы завод Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү завод, ал жерде жылына 10 миллион тоннага жакын (күнүнө 200 миң баррелге барабар) чийки мунай зат иштетилет. Ишкана ички керектөөлөрдү канааттандыруудан тышкары, Европага мунай продуктуларын жеткирет.
13-июнь таң эрте Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Иранга каршы кеңири масштабдагы операцияны баштаган. Анын алкагында Аба күчтөрү Ирандын аскердик объекттерине жана өзөктүк программасына байланышкан буталарга сокку урган. Чабуулдар Ирандын бир нече аймагына, анын ичинде Тегеранга да жасалды. Анда Ирандын 200дөн ашуун жай тургундар, бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, анын ичинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, ошондой эле бир катар физик окумуштуулар каза болушту.
Ошол эле күнү Иран ага ракеталык чабуулдардын бир нече толкуну менен жооп берди. Андан бери эки өлкө бири биринин аймагына кайрадан сокку урушууда.
Израилдик ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган ракеталык соккуларынан 24 киши өлүп, 500дөн ашууну жарадар болгонун маалымдашууда.



















