“Алай” командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Оюн Бишкектеги “Газпром” спорттук-эс алуу борборунда өттү. Чемпион үч жеңишке чейин финалдык оюндардын сериясында аныкталышы керек болчу. Аталган команда финалдык бешинчи беттеште «Фарватер» командасын 5:4 эсебинде утуп, 2023-2024-жылдагы Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын чемпиондугун колго киргизди.
Эскерте кетсек, финалда «Фарватер» МФК менен «Алай» МФКнын командалары чемпиондук үчүн күрөшүп, беттештердин жыйынтыгында «Алай» 3:2 эсебинде күчтүүрөөк болгон.
Ал эми коло медаль үчүн оюндардын сериясында борбор калаанын “Дордой” командасы ОшМУну -2:0 эсебинде утуп алды.
Оюндардын акыркы сериясынын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- Алай – Фарватер – 8-4;
- Алай – Фарватер – 5-6;
- Фарвей – Алай – 2-2 (пен.3-4);
- Фарвей – Алай – 4-3;
- Алай – Фарватер – 5-4.
Ал эми үчүнчү орун үчүн оюндардын жыйынтыгы:
- Дордой – ОшМУ – 5-1;
- Дордой – ОшМУ – 4-0.
Футзал боюнча чемпионаттын жыйынтыгы:
- 1-орун – Алай;
- 2-орун – Фарватер;
- 3-орун – Дордой;
- 4-орун – ОшМУ.




















