2026-жылы 27-январдан 7-февралга чейин Индонезияда өтө турган футзал боюнча Азия Кубогунун финалдык этабына чыга турган бардык 16 команда белгилүү болду.
22-октябрда тандоо турларындагы «D» тайпасынын акыркы беттештери өтүп, жыйынтыгында финалдык баскычка жолдомо алган бардык өлкөлөрдүн аттары такталды.
Финалга ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү — Австралия, Таиланд, Япония, Ирак, Вьетнам, Кыргызстан, Иран жана Ооганстан чыкты. Ошондой эле экинчи орун ээлеп, мыкты делген жети курама — Кувейт, Түштүк Корея, Өзбекстан, Тажикстан, Сауд Арабиясы, Ливан жана Малайзия финалдык баскычка жолдомо алышты. Турнирдин кожоюну катары Индонезия атаандаштарын күтүп жатат.
Эми Азия Кубогунун чучукулак тартуу аземи 5-ноябрда Индонезиянын борбору Джакарта шаарында өтөт.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын 24-сентябрында, футзал боюнча Кыргызстандын Улуттук курама командасы Өзбекстанды 3:2 эсебинде жеңип, 2026-жылы өтүүчү Азия Кубогуна түз жолдомо алган.
Ал эми ушул жылдын 9-сентябрында Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасы да Азия Кубогунун тандоо этабындагы чечүүчү беттеште жеңишке жетип, тарыхта алгачкы жолу континенталдык турнирдин финалдык этабына чыгышкан.



















