Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чоң-Алай сапары: Алайдын Сары-Таш – Нура жолу көп нерсени көтөрөт…

  • Аналитика, Кыргызстан
  • 14.08.2025 12:31

Loading

Чоң-Алайга сапарым жол маселесин көтөрдү. Айрыкча Алайга караган Сары-Таш – Нура автоунаа жолу өзгөчө сөз кылууга татыйт. Күнүгө жүздөгөн оор жүк ташуучу автоунаалар өтүп турган бул жолдун көрүнүшү азыр мышык ыйлаарлык абалга жетиптир. Жамоо иштери жүрүп жатканы менен ал деле кыйратпайт, өңгүл-дөңгүл жол, айдоочуларга кайра эле ыңгайсыздык жаратат. Ушундан улам, сунуш менен коштолгон жол баянга көңүл буруңуз.

Сары-Таш – Нура жолунун абалы…

“Памир тракты” башталган Ош шаарынан Чоң-Алайга жол алдык. Оштон башталып, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун борбору Хорогго барчу жолду ушинтип: “Памир тракты” деп коюшат. Ал андан ары жүрүп отуруп, Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына жетет. Анын узун тарыхы бар. Ага ылдыйда кыскача токтоло кетебиз.

Тема боюнча

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Бул жолдун Чоң-Алайга алып барчу Кыргызстандагы эң оор ашуусу “Талдыктын” кыл чокусу – деңиз деңгээлинен 3615 метр бийиктикте. Андан ашсаңыз эле Сары-Таш. Оңго кетсеңиз, памирлик кыргыздар айткандай, Зор-Алайдын (Чоң-Алай) борбору Дароот-Коргонго барасыз. Азыркы Тажикстандын Мургабына да ушул багыт менен кетет. Ал эми Сары-Таштан солго бурулсаңыз, 2009-жылы жер титиреп, кырсык чалган Нура айылына, андан ары Кытайга өтчү “Эргеш-Там” өткөрүү бекетине жетесиз. Ушул аралыктагы жол, ушул макаланы чиймелегенге түрттү.

1 of 7
- +

Жолдун абалы өтө начар: көп жеринде чоң-кичине чуңкурлар, үстүңкү асфальттын айрым катмары сыйрылып, бетинде тегиз эмес бөлүктөр пайда болгон. Кээ тилкелери казылып, кайра толтурулбай калгандыктан, чуңкурлар тереңдеп кеткен. Айрым аймактарында ташы чыгып, чаңы сапырылып жатат. Машина өткөндө катуу силкинип, дөңгөлөктөрдүн тарактаган добушу угулуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздык жаратат. Учурда Тоң-Мурун ашуусунда жамоо иштери жүрүп жатканы менен ал деле жарытпайт, өңгүл-дөңгүл жол толук оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калыптыр. Таза жерлери деле бар экен, бирок, эл аралык жол болгондуктан, анын үстүнө көп жылдан бери миңдеген, керек болсо жүз миңдеген оор жүк ташуучу автоунаалар ары бери каттаган жолду карап коюуга убакыт деле келгендей…

Жол жээгинде таштандылар толуп жатат. Муну мен айдоочулардын маданиятсыздыгы менен байланыштырдым. Алардын айлана-чөйрөнү коргоону түшүнбөгөнү, жаратылышка аяр мамиле кылган ата-баба салтын унутканы деп билдим. Нурага жетчү 70 чакырымдай жолдун жээктерин таштандыдан тазалоого азыр эч ким батынып кирише элек экен.

Бузулган жолду тезинен оңдош керек…

Дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайдын тиш чукуурунан тартып, гилтейген завод-фабрикаларга керектелүүчү тетиктери менен эмнеге гана керек болбогон товарлары Кыргызстан аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, андан ары Европага кетет. “Эргеш-Тамдан” чыккан транспорттор биринчи эле ушул Сары-Таш – Нура жолуна түшөт. Тарактаган жол менен эки эле тилкелүү биздин трассаларда тыгынды тынбай түзүп, кыбырап жүрүп отуруп, акыры өлкөнү аралап өтүп кетет. Сары-Таш – Нура жолун ушулар эле бузду десек жаңылышпасак керек. Анткени миң ашык эли бар Нуранын тургундары кайдан бузмак эле…

Ошондуктан бул жолду ошол оор жүк ташуучу автоунаалардан кошумча салым катары акча алып оңдосо деле болчудай. Кандай кылса болот? Сары-Таш менен Нура айылдарына кире бериш жерине өткөрмө бекет коюп, ар бир өткөн оор жүк ташуучу транспорттон тиешелүү каражат алыш керек. Ал акча канча жылда топтолоорун эсептеп чыгып, ошого жараша алым коюп, анан жол оңдолгондон кийин алым алууну токтотуш керек. Менимче 4-5 жылда тиешелүү акча топтогонго болот. Жол оңдолгондон кийин, мына эми, мыкты жолдо каттай бергиле деп уруксатты уялбай эле бериш керек. Бюджеттен деле төлөсө болот, бирок бул жолду ушулар колдонуп, ушулар бузду да. Демек, пайда көргөндөр эми кичине болсо да салыгын төлөп, бузган жолун оңдошсун дегенге алып келиш керек. Анын үстүнө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу пайдаланууга берилсе, транспорт деле жүрбөй калат. Ошого бул идеяны эртелеткен деле оң.

Жолду кеңейтүү зарыл…

Чоң-Алайга бараткандан 2-3 күн мурдараак Ош-Алай жолунда автоунаа кырсыгы катталды. Анда менин сапарлашымдын таанышы кокустаптыр. “Дагы жакшы, баары аман калышты”,-деп айтып баратты жолдо. Көрсө, трассаны ээлеп алып же өткөрүп жибербей, кыбырап бараткан оор жүк тарткан чоң транспорттон озуп өтө калам деп чыга калганда маңдайдан келген башка автоунаа менен кагышып кетиптир.

Мындай көрүнүш ар бир айдоочунун көйгөйү. Колонна болуп тизилип алып, Кытайдан артып, жүгү менен бараткан ХОВО машиналарын транспорт көп эки тилкелүү биздин трассаларда эр болсоң ашып көр. Алдыда келаткан машина жок болсо гана эптеп өтүшүң мүмкүн, болбосо илкиген бойдон ыңгайлуу учурду күтүп сен да бара бересиң. Чоң машиналардын айдоочуларын деле айыптай албайсың мындайда, жолубуз болгону эки тилке болсо, анан ал да жолдо келатса, эмне кылсын? Ош-Өзгөн жолу буга кызылдай күбө.

Тажикстан менен болгон чек ара жабылгандан бери ушул Чоң-Алай жана Баткен багыттарында автоунаа жолдорунда мындай тыгын болбой калды эле. Эми чек ара ачылып, транспортко да уруксат берилгени жатат дешти, анда бул көрүнүш кайра күчөйт болуш керек. Анткени Тажикстандын жемиши Орусияга катуу сатылчу. Анын үстүнө тажиктер Кыргызстандын жолдорун транзит катары көп пайдаланышат эмеспи.

Убагында жол экен деп эки тилкелүү жолдун бүткөнүнө, анын асфальтталганына сүйүнүп жүрсөк, жылдар өтүп, ал нерсе заман талабына жооп бербей калды. Техника көбөйгөн азыркы заманда машина көп жүрчү аймактарда сөзсүз кеминде 4 тилкелүү жолдор керек болуп турат. Бул эң биринчи кезекте коопсуздук маселесин чечип, бөөдө кырсыкты алдын алат.

Мен бир топ мамлекеттерде болуп келдим. Көпчүлүгү мындай жолдорун абдан ыңгайлуу жана коопсуз кылып салышкан. Айрыкча Иран менен Түркиянын трассалары өзгөчө көңүл бурдурган. Ирандын алыска кетчү жолдору – биринен бири бөлүнүп турат, башкача айтканда, карама-каршы багыттагы жолдорунун аралыгы алыс. Сиз түз баратсаңыз, каршылаш келаткан жол сиздин сол жагыңызда тээ 100-150 метр арыда баратат. Анан ар бири экиден тилкелүү экен. Мындай стандарт дүйнөнүн көп өлкөсүндө бар экенин билебиз. Азыр бизде да ошол талап кылынууда.

Сөзгө кызып отуруп, “Памир тракты” тууралуу айта турган кепти эстен чыгара жаздаптырбыз. Алдыда ошол тууралуу кичине кеп козгоюн, коомдук билим үчүн билип койсоңуз ашыкча болбостур…

“Памир тракты”…

“Памир тракты” деп аталган 1200 чакырымдан ашык жол XIX кылымдын аягы менен XX кылымдын башында Британия менен Орусия Падышачылыгынын Орто Азия үчүн таасир талаш убагында салынган. “Чоң оюн” деп аталган бул окуялардын фонунда биздин аймак Орусия Падышачылыгына каратылып, Британияга каршы күрөш жүргүзүү максатында Ферганадан Алай өрөөнүнө аскер күчтөрүн тымызын жеткирүү максатында салынганы тарых булактарында айтылып келет. Жол айрым маалыматтарда 1916-жылы, кээлеринде 1893-жылы салынганы айтылат. Бирок 1903-жылы жайында Талдык ашуусуна чыккан орус армиясынын офицери, аскер географы Николай Корженевскийдин маалыматына караганда, бул ашуу аркылуу Ош менен Алай өрөөнүн бириктирген жолду орус отряды тарабынан 1876-жылы генерал А.К.Абрамовдун жетекчилиги алдында салынганы көрсөтүлөт.

Бирок тагыраак жана кененирээк башка булактардагы маалыматтарда мындай айтылат: 1893-жылы Фергана облусунун Ош уездинин начальниги болуп дайындалган Бронислав Людвигович Громбчевский 1894-жылы Памирде Фергана жана Алай өрөөндөрүн бириктирген стратегиялык жолдун жашыруун салынышына жетекчилик кылган (кийин бул жол “Эски Памир тракты” деп аталган). Громбчевскийдин жетекчилиги астында орусиялык сапёрлор тарабынан курулган аталган жол – Британия аскерлеринин аймакка басып кирүү коркунучун алдын алуу максатында, Орусия Падышачылыгынын жөө жана атчан аскерлери менен артиллериялык бөлүктөрүн тез арада жеткирүүгө мүмкүндүк берген.

Магистралдын негизги бөлүгү Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп, Дүйшөмбү менен Тоолуу Бадахшандын борбор шаары – Хорогду бириктирет. Памир жолунун бул бөлүгү “Батыш Памир тракты” деп аталган. Ал эми “Чыгыш Памир тракты” деп аталган жол Хорог менен Ош шаарын байланыштырат. Ош шаарында “Памир автожол” башкармалыгы, ПАТУ (Памирге жарандык жүк ташуу) деген эки автобаза жана Памирдеги аскер бөлүктөрүн камсыздоочу автобатальон – № 3333 аскер бөлүгү иштеген. Памирге кетчү жолдун кыскача таржымалы ушундай экен.

Материалды даярдаган: А.Каракозуев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: “Азербайжан аба жолдору”АлайжолКыргызстанНураСары-Таш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.