Ушул жылдын сентябрь айында Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленент. Аны белгилөө үчүн Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлдү.
Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда даярдыктар башталды. Анын алкагында Алай районуна бараткан Чыйырчык ашуусуна Алымбек менен Курманжан даткалардын эстеликтери орнотулуп жатат, иш сентябрда аяктайт. Мындан сырткары, Алайда музей, маданият үйү жана эс алуу бактары оңдолууда. Жошолу жайлоосунда улуттук спорт оюндары өтөөрү белгиленип, учурда ал жакта боз үйлөр тигилүүдө.
Маараке 11-12-сентябрга белгиленген. Программага театрлаштырылган көрсөтүү, гала-концерт, эл аралык “Айтыш” жана конокторду тосуу иш-чаралары кирет.
Алымбек Датка Асан бий уулу, (Алымбек парваначы) 1799-дылы туулган. Кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары белгилүү Алымбек 1831жылы, 31 жашында Мадали хандан “Алай даткасы” датка наамын алган. 32 жашында Анжиян вилайетинин беги болгон. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. 1862-жылы өлтүрүлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.
1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон.


















