21-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өткөн 2025-жылкы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты аяктады.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча Ирандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы төрт алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушуп, командалык эсепте 180 упай менен биринчи орунга чыкты.
-
Алтын медаль ээлери – Саид Эсмаили (67 кг), Гуламреза Фарахи (82 кг), Мухаммадхади Сарави (87 кг), Амин Мирзазаде (130 кг);
-
Күмүш медаль алгандар – Паям Ахмади (55 кг), Алиреза Мухаммади (87 кг);
-
Коло медаль ээлери – Мухаммадмехди Кешткар (63 кг), Сейед Даниал Сохраби (67 кг).
Командалык эсепте Ирандан кийин 89 упай менен Азербайжан экинчи орунда жана 72 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунга жайгашты.
Иран үчүн бул жеңиш өзгөчө маанилүү болду. Анткени грек-рим күрөшү менен катар эле буга чейин эркин күрөш боюнча да Иран дүйнө чемпиондугунда биринчи орунду багындырган.
Ирандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен дүйнө чемпиону болгон. Анда да Иран жалпы командалык эсеп боюнча 145 упай менен биринчи орунга чыккан.
-
Алтын медаль алгандар — Рахман Амузадхалили (65 кг) жана Амирхусейн Зара (125 кг);
-
күмүш байге — Ахмад Мухаммаднежад Жаван (61 кг) жана Амирали Азарпира (97 кг);
-
коло медаль ээлери — Мухаммад Нухуди (79 кг), Камран Гасемпур (86 кг) жана Амирхусейн Фирузпур (92 кг).



















