Тегеранда учкучсуз учуучу аппараттарга орнотулган башкарылуучу “Arman-1” жана “Arman-2” бомбаларынын бет ачары өттү. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.
“2023-жылдагы коргонуу жабдыктарынын көргөзмөсүндө башкарылуучу “Arman-1” жана “Arman-2″ бомбалары көрсөтүлдү… Бул бомбалар бүгүн эртең менен (Иран президенти Ибрахим Раиси – ред.) көрсөткөн «Mohajer-10» учкучсуз учагына орнотулган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, салмагы 35 килограмм болгон “Arman-1” бомбасы 20 чакырым аралыкка жетет. Ал эми электрдик кыймылдаткыч колдонулган “Arman-2” бомбасынын салмагы 40 килограммды түзөт жана 100 чакырым аралыкка жетет.

Эки бомбаны тең куралдуу күчтөрүндө колдонулган дрондордун ар кандай түрлөрүнөн учурууга болот. Бомбаларда GPS/INS багыттоо системалары бар.
Эске салсак, кечээ, 22-августта Ирандын президенти Ибрахим Раиси Коргоо өнөр жайынын күнүндө Ирандын коргонуу өнөр жайынын акыркы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө барып, 7 чакырым бийиктикте жана 2000 чакырым аралыкта бир сутка бою абада тынымсыз учуп жүрө алган «Mohajer-10» учкучсуз учуучу аппаратын көрсөткөн.
Дрондогу күйүүчү майдын максималдуу запасы 450 литр, жүктүн максималдуу салмагы 300 килограмм, ал эми максималдуу ылдамдыгы саатына 210 чакырымды түзөт.
«Mohajer-10» ар кандай үлгүдөгү ок-дарыларды, Ghaeжана Almas бомбаларын алып жүрүүгө жөндөмдүү жана радиоэлектрондук күрөш жана чалгындоо системалары менен жабдылган.


















