Иран АКШ менен болгон жаңжал учурунда ракеталарды иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасын кыйла арттырып, алардын натыйжалуулугун жогорулатты. Ошондой эле ракеталарынын учуу алыстыгын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул тууралуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүнүн командачысынын кеңешчиси Али Балали РИА Новости агенттигине билдирди.
«АКШ менен болгон акыркы аскердик тирешүү Иранга ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасын арттырууга, ошондой эле аскердик системаларды сыноодон өткөрүп, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди», — деди Балали.
Агенттиктин маектеши Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүнүн жумалыгына карата Тегеранда өткөрүлүп жаткан көргөзмө тууралуу да айтып берген.
«Көргөзмөгө коюлган курал-жарактардын арасында учуу алыстыгы 2 миңден 3,5 миң чакырымга чейинки ракеталар, ошондой эле абада 30 саатка чейин уча алган учкучсуз аппараттар бар. Мындан тышкары, абадан коргонуу үчүн ар кандай комплекстер жана Жердин бетинен 500 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлө алган спутник ташуучу ракеталар да көрсөтүлдү», — деди Балали.
Анын айтымында, Ирандын аскерлери ракеталардын учуу алыстыгына эч кандай жогорку чек койбойт. Ал эми азыркы шарттар алардын учуу алыстыгын көбөйтүүнү талап кылышы мүмкүн.
«Биз курал-жарактарыбызды өзүбүз белгилеген каалаган чекитке же бутага жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деп белгиледи аскер өкүлү.
Буга чейин Иран бийлиги коргонуу максатында ракеталарынын учуу алыстыгын атайын 2 миң чакырым менен чектеп келгенин билдирген. Бирок акыркы мезгилде Ирандын аскер өкүлдөрү АКШ менен болгон жаңжалдан улам өлкөнүн аскердик доктринасы коргонуу мүнөзүнөн чабуул коюу мүнөзүнө өзгөрүп жатканын айтып, ракеталардын учуу алыстыгына коюлган чектөөлөр алынганын билдиришкен.
Бул чечим Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи аскерлерге жооп кайтаруу аракеттерин аймактын географиясы менен чектебөөнү буйругандан кийин да кабыл алынган. Иран саясатчыларынын билдиришинче, бул өлкөгө Европада жайгашкан АКШнын аскердик базаларына сокку урууга мүмкүнчүлүк берет.

















