Pars Today басылмасынын маалыматына караганда, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысы: «Биз россиялык досторубузга байытылган ядролук материалдар Иранда каларын билдирдик», — деп айтты.
Pars басылмасынын маалыматына ылайык, генерал-майор Мохсен Резаи Батыш Азиядагы бардык фронттордо согушту токтотууну Ирандын негизги талаптарынын бири катары атады.
Ошондой эле ал: «АКШ тарабынан жасала турган ар кандай жаңы чабуулга жооп катары америкалык аскердик базаларга, атүгүл бул өлкөнүн алыскы аймактарда жайгашкан базаларына да сокку урулат», — деп эскертти.
Генерал Резаи Иран радиоэлектрондук күрөш технологиялары жаатында алдыңкы деңгээлге жеткенин да белгиледи.
Анын айтымында, Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) башкарууга алып, аларды коопсуз түрдө жерге кондурууга жөндөмдүү.


















