Ирандын Саламаттык сактоо министринин орун басары өлкө тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлей турганын билдирди.
Pars Today агенттигинин Mehr маалымат агенттигине шилтеме берүү менен маалымдашынча, Шахин Ахундзаде акыркы он жылдыктагы илимий эмгектердин тарыхый көрсөткүчтөрүн камтыган диаграммаларды тааныштырып жатып:
«Тукумсуздукту изилдөө жаатында Иран АКШ, Индия жана Италия менен катар дүйнөдө төртүнчү орунда турат», — деп билдирди.
Ал бул олуттуу ийгиликке эки негизги фактор себеп болгонун кошумчалады.
Биринчиден, гинекологдордун, эмбриологдордун, психологдордун, генетиктердин, атүгүл салттуу медицина адистеринин ортосундагы тармактар аралык кызматташтык.
Экинчиден, мамлекеттик, жеке жана мамлекеттик эмес секторлордун ортосундагы өзгөчө синергия жана өз ара аракеттенүү.
Ахундзаде дүйнө жүзүндө бул багыттагы илимий макалалардын 72 пайызы медицина тармагына, ал эми калганы иммунология, фармакология жана генетика тармактарына тиешелүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Тегеран медициналык илимдер университети, Шахид Бехешти университети, Азад ислам университети, Роян илимий-изилдөө институту жана Мешхед медициналык илимдер университети өлкөдө бул багытта алдыңкы орунда турган мекемелердин катарына кирерин айтты.


















