Иран 7 чакырым бийиктикте жана 2000 чакырым аралыкта бир сутка бою абада тынымсыз учуп жүрө алган “Mohajer-10” учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.
Иш-чарага Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышты.
«Коргонуу өнөр жай күнүнө карата… Сейед Ибрахим Раиси өлкөнүн өнөр жайынын бул тармагындагы акыркы жетишкендиктеринин көргөзмөсүн көрүү учурунда максималдуу учуу узактыгы 24 саатты түзгөн “Mohajer-10” учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү», – деп айтылат билдирүүдө.
Иран президенти “Mohajer-6” учкучсуз учагынын модернизацияланган үлгүсү болгон «Mohajer-10» аппаратынын ачылышын өлкөнүн жаш окумуштууларынын чыгармачылыгынын жана демилгесинин натыйжасы деп баалап, ал өлкөнүн беделин жана ар-намысын бекемдей турганын белгиледи.
Маалыматка караганда, дрондогу күйүүчү майдын максималдуу запасы 450 литр, жүктүн максималдуу салмагы 300 килограмм, ал эми максималдуу ылдамдыгы саатына 210 чакырымды түзөт.
“Mohajer-10” ар кандай үлгүдөгү ок-дарыларды, Ghaeжана Almas бомбаларын алып жүрүүгө жөндөмдүү жана радиоэлектрондук күрөш жана чалгындоо системалары менен жабдылган.