Катардын эмира Тамим бин Хамад Аль Тани ушул аптада Иранга сапары менен барат.
Бул тууралуу Al-Mayadeen телеканалы өз булактарына таянуу менен маалымдады.
Маалыматка караганда, Аль Тани Ирандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Бирок Катардын расмий булактары бул кабарды азырынча тастыктай элек.
Буга чейин Катардын расмий маалымат агенттиги (QNA) араб өлкөсүнүн эмири Индиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн 17-февралда Нью-Делиге бара турганын кабарлаган. Бул сапарда Тамим бин Хамад Аль Тани президент Драупади Мурму жана премьер-министр Нарендра Моди менен жолугуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулайт.
Белгилей кетсек, Катар Газа тилкесиндеги ХАМАС менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишиминин ортомчуларынын бири катары каралат жана Иран менен жакшы мамиледе. Араб өлкөлөрүнүн Катарга каршы санкцияларында Тегеран Доханын колдоо көрсөткөн өлкөлөрүнүн бири болгон жана ал өлкө менен ар дайым динамикалуу дипломатиялык карым-катнаштарга ээ болуп келген.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан президенттик кызматка киришкенден кийин Катарга биринчи расмий сапары менен 2-октябрда барган. Жогорку даражалуу экономикалык жана саясий делегацияны баштаган Пезешкиан Дохада Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуп, Азия кызматташтык диалогунун үчүнчү саммитине катышкан.
Сапардын алкагында Ислам Республикасы менен Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү экономикалык жана соода, маданий, билим берүү жана спорт тармактарында кызматташуу боюнча 6 документке жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.


















