Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 10-11-сентябрда Нарын облусунун экономика тармактарынын жана калкынын 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жана Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Көчмө жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмиль Осмонбетов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Алгач эл өкүлдөрү “Шарбон” ЖАК жана “Акжол Көмүр” ЖЧК ишканаларында болушуп, алардын иши менен жеринде таанышты. Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын тиешелүү жетекчилери толук маалымат беришти.
Алсак, «Шарбон» ишканасы 2004-жылдын 29-апрелинен 2025-жылдын 13-августуна чейин жарактуу 2737 CE (С-97-04) лицензиясына ээ болуп, көмүрдү иштетүү максатында Кара-Кече кенинин оң жээк локалдык участкада жер казынасын пайдалануу укугуна ээ. Пайдалуу кендердин запастарынын саны жана категориясы 2023-жылдын 1-январына төмөндөгүдөй: 939,7 миң тонна, А-В-С1 категориялары боюнча. Аянтынын өлчөмү – 18,64 га. 2018-2022 жылдарда казып алган көмүрдүн көлөмү: 2018 – жылы – 145,1 миң тонна, 2019-жылы – 145,6 миң тонна, 2020-жылы – 148,9 миң тонна, 2021-жылы – 121,6 миң тонна, 2022-жылы – 100 миң тонна казып алынган.
Ал эми “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалы 2022-жылдын 26-сентябрынан 2042-жылдын 26-августуна чейин жарактуу 7206 CE лицензиясын алып, көмүрдү иштетүү максатында Кара-Кече кенинин Чыгыш жана Батыш участкаларында жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон. Пайдалуу кендердин запастарынын саны 380133,3 миң тонна түзөт, аянтынын өлчөмү-1054 га. 2022-жылы 98,3 миң тонна көмүр казып алынган.
Жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү көмүр кендерин иштетүүдө эффективдүү башкаруу маселелерине көңүл буруп, өзгөчө Кара-Кече кенинин өлкөнүн көмүр тармагы үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Муну менен катар эл өкүлдөрү жооптуу мамлекеттик органдарды өлкөдөгү көмүр базаларын жана ТЭЦтерди үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык логистикалык жана транспорттук маселелерди чечүүгө чакырышты.
Мындан тышкары, депутаттар көмүр тармагында ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыздоо, ошондой эле кендерди иштетүүдө экологиялык жана техникалык нормаларды сактоо маселелерин ортого салып, көзөмөл органдарын бул жагдайларга өзгөчө көңүл бурууну сунушташты.
Жыйында ошондой эле Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салуу маселеси да талкууланды. Энергетика министри Таалайбек Ибраев жагдайды тактап, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтар тарап жатканын белгиледи. Ал ишканалар калктын, анын ичинде борбордун жаңы конуштарынын жашоочуларынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн көмүр менен камсыздоого толук даяр жана кооптонууга негиз жок экенин ырастап, ошондой эле көмүрдүн сапаты белгиленген стандарттарга толук жооп берерин кошумчалады.