Колумбиянын президенти Густаво Петро анын өлкөсү Израилге көмүр жеткирүүнү токтоторун билдирди.
Бул чара Колумбиянын өкмөтүнүн токтомуна ылайык беш күндөн кийин күчүнө кирет. Токтомдо Израиль көмүрдү курал-жарактарды жана башка аскердик техникаларды өндүрүү үчүн энергия булагы катары колдонору айтылган.
“Биз Израилге көмүр экспортун геноцид аяктаганга чейин токтотобуз”, – деп жазган Петро X социалдык тармагында.
Чектөө “Газа тилкесиндеги геноцидди алдын алуу жана жазалоо боюнча конвенцияны колдонуу боюнча Эл аралык сот тарабынан берилген убактылуу чаралардын буйруктары толугу менен аткарылмайынча” күчүндө болот, деп айтылат Түштүк Американын өкмөтүнүн токтомунда.
Колумбиянын бийликтери Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин кескин айыптаганын бир нече жолу билдирген. Өткөн жылдын октябрында Петро Колумбиянын Рамаллада дипломатиялык өкүлчүлүгү болоорун билдирген. Богота Тель-Авив менен дипломатиялык мамилени май айынын башында үзгөн.
Колумбия Израилге эң ири көмүр жеткирүүчү болуп саналат. Муну эске алганда, бул чечим Колумбия менен Израилдин ортосундагы соода мамилелерине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.
Bloomberg маалымат агенттигинин маалыматына караганда, былтыр Колумбия Израилге 450 миллион долларга жакын көмүр берген.
Эске салсак, Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту 24-майда Израилди Газа тилкесиндеги Рафах шаарындагы операцияны токтотууга жана палестиналыктардын геноциди тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн анклавга эл аралык инспекторлор тобун киргизүүгө милдеттендирген.
Бирок ага карабастан Израиль Газадагы чабуулдарын улантууда. Израилдин Газа тилкесинде сегиз айдан бери палестиналыктарды аткылоосунан 37 миңден ашуун киши каза таап, 84,4 миңден ашууну жаракат алды.


















