Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Бекмамат Осмонов көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери башталды. Учурда эски асфальты алынып салынууда. Аталган көчөгө жаңыдан асфальт төшөөдөн сырткары, жолдун эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылып, тротуар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 2,5 чакырым, туурасы 14 метрди түзөт.
Бекмамат Осмонов көчөсүн реконструкциялоо республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ал эми эки тарабына тротуар куруу үчүн каражат жергиликтүү бюджеттен каралган. Жалал-Абад шаарында быйыл жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Кечээ, 29-августта, Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспект ачылган. Ага Президент Садыр Жапаров өзү да катышкан.
Белгилей кетсек, быйыл, Жалал-Абад шаарына Республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражатка 13 ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. Алар толугу менен ишке кирип калса, шаардын тротуарларынан тартып, ири инфратүзүмдөрүнө чейин курулат деп күтүлүүдө. Тактап айтканда, кинотетр, курортко чейин тротуар, асфальт чыгаруучу, таштандыны кайра иштетүүчү заводдор, жаш балдар үчүн оюн-зоок аятчасы салынаары пландалууда.