Жалал-Абад шаарында “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттерде туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык форум өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборунан билдиришти.
Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген коноктор, туризм тармагында эмгектенген жергиликтүү адистер катышты.
Анда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган эл аралык форумдун Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан Жалал-Абад шаарында өтүп жатышын өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, анын алкагында уюмга мүчө мамлекеттер менен туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдап, алар менен биргеликте ири долбоорлорду ишке ашырууга жол ачыларын билдирди.
Түрк мамлекеттер уюму – түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм. Азыркы учурда уюмдун курамында беш толук мүчө мамлекет (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия) жана бир нече байкоочу өлкөлөр менен уюмдар бар.
Байкоочу мамлекеттер: Венгрия (2018-жылдан бери), Түркмөнстан (2021-жылдан бери), Түндүк Кипр Түрк Республикасы (2022-жылдан бери), ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА).




















