Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында, Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорду үч окууда карап, колдоп берди.
Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов КР Конституциясынын 88-беренесинин 2-бөлүгүнө таянып, Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кезексиз кароону сунуштаган.
Эми алдыда бул документ парламенттин жалпы отурумунда караталып, анда колдоо таап, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.
Буга чейин, 3-сентябрда, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык кеңештин сессиясында калаанын атын Манас шаары деп өзгөртүү сунушун берген. Анда ал сунушка депутаттар каршы чыгышкан эмес.
Жалал-Абад шаары 1877-жылы октябрь айында расмий түрдө шаар статусун алган. Башкача айтканда, бул жылы Жалалабат – шаар статусуна ээ болгон. Калаа 1924-1926-жылдары округдун, 1926-1928-жылдары аймактык административдик, 1939-1959-жылдары облустун борбору болгон.
1991-жылдан баштап Жалал-Абад облусунун борбору болуп саналат. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 8-августундагы кезексиз XXIX сессиясынын № 2 токтому менен Жалал-Абад шаарынын эмблемасы менен туусу бекитилген.
1926-жылы Жалал-Абад шаарында 9657 адам болуп, алардын 1200ү сабаттуу болгон. 2017-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында шаардын калкынын саны 159 997 адам деп көрсөтүлгөн.




















