Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жакында Ош шаарынын аймагы кеңейип, элинин саны көбөйөт

  • Аналитика, Кыргызстан
  • 29.12.2023 14:22

Loading

Азыр жүрүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында, Ош шаарынын аймагын кеңейтүү маселеси негизги темага айланды. Ага ылайык, 18 миң гектардан ашык жерде жайгашкан азыркы Ош шаарынын аймагына дагы 14 миңден ашык гектар жер кошулуп, элинин саны жарым миллионго чукулдаганы турат. Шаарга кошулат деген негизги жерлер Кара-Суу районунун Төлөйкөн менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрү аталууда. Бул маселеге төлөйкөндүктөр макул болуп турган менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары каршы пикирин айтып жатышат.

Депутаттардын макулдугу алынды

27-декабрда Ош шаардык кеңешинин 13-сессиясында депутаттар, Кара-Суу районунунан шаарга алынуучу жер маселесин карашты. Ага ылайык, Ош шаарынын аймагы 14 миң гектарга кеңейип, калкынын саны жарым миллионго жакындайт.

Тема боюнча

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

21.07.2026

Аталган долбоорго ылайык, Ош шаарына Кара-Суу районунун жалпы 14 миң 26 гектар аймак кошулуп, калктын саны 451,900 болору айтылды. Калаанын азыркы аймагы 18 миң 300 гектарды түзсө, калктын саны 361 миңден ашат. Эгер сунушталып жаткан аталган долбоордогу аймактык реформа ишке ашса, анда 90 900 адам кошулуп, шаар калкынын расмий саны 451 900 адамды түзүп калат.

Бул боюнча түзүлгөн токтом долбоору добушка коюлуп, ал шаардык кеңештин депутаттары тарабынан толугу менен колдоого алынды. Ага ылайык, Ош шаары Кара-Суу районунун аймагынан 14 миң гектар жерди алып, Кара-Суу районуна шаардын карамагындагы 222-223-224-кварталдарды өткөрүп берет. Эми колдоо тапкан токтом долбоору Министрлер Кабинетинде каралып, андан ары Жогорку Кеңештен өтүп, акырында президент кол койсо ишке кирет.

Облустук бийлик эмне дейт?

Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аймактык реформанын долбоорунун алкагында, өздөрүнүн сунушун даярдаганы белгилүү болгон. Анда Ош шаарын кеңейип, ага Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүн кошуп берүүнү пландоодо.

Ош облусунун өкүлчүлүгү даярдаган долбоорго ылайык, Ош шаарынын карамагына Кара-Суу районунун Төлөйкөн менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрү киргени жатат. Азырынча бул долбоор элге жарыяланып, жергиликтүү эл менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдугу алына элек. Эгер депутаттар макул болбосо деле, долбоорду президенттин жарлыгы менен ишке ашыруу жолу бар. Булар тууралуу өкүлчүлүктүн аппарат башчысы Сабырбек Самидин уулу “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.

Кызыл-Кыштактын тургундары эмнеге каршы?

Административдик-аймактык реформанын долбооруна ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү да Ош шаарынын аймагына кошула турган болууда. Бирок тургундар буга каршы экендиктерин айтышканын айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Аскарбек Маматов билдирди. Анын айтымында, жашоочулар азыркыдай айыл өкмөт боюнча калууну каалашат, себеби шаардын аймагына кошулуп калса, жер тилке ала албай калышы мүмкүн деген сыяктуу бир катар себептерди келтиришкен.

40 миңге чукул эли бар Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүн шаарга кошуу демилгесине каршы пикирлерин Экинчи элдик курултайга делегаттарын шайлоо маалында да көтөрүшкөнүн айылдык кеңештин төрайымы Диляфруз Рахманова айтат. Ал да тургундардын пикиринде келечекте жер тилке маселеси көйгөй жаратышы мүмкүн деген пикирлерин билдирет.

Шаарга кошулса, эмне болот?

Ош шаарынын аймагына кошулууга каршыбыз деген Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн курамында 7 айыл бар. Бул айылдардын дээрлик көпчүлүгүндө суу көйгөйү курч. Мисалы Ишкаван айылын алалы. Анын эли шаардан суу ичет, бирок жайдын күнү Ош шаардык суу чарба ишканасы шаардыктарга суу жетпей жатканынан, аталган айылга сууну токтотконго аргасыз болот. Бул бир гана мисал. Эгер Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Ош шаарынын курамына кирсе, ушуга окшош маселелери чечилмек дегендер да бар.

Шаардын аймагын кеңейтүү боюнча мурдагы аракеттер

Ош шаарынын аймагын кеңейтүү демилгелери мурдатан эле көтөрүлүп келген. Маселеге акыркы жолу 2022-жылы реалдуу киришишкен. Анда жергиликтүү бийлик президент менен Министрлер кабинетине атайын документтерди даярдап жөнөткөн. Анда шаардын аймагына кошсо болот деген 10 миң гектарга жакын жер көрсөтүлгөн. Маселе боюнча мекемелер аралык атайын комиссия реалдуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатышканын айткан Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев, Ош шаарына киргизсе болот деген жерлер калаанын батыш тарабындагы Араван районунан да каралып жатканын кошумчалаган.

“Түндүк-батыш тарабы Өзбекстандын чек арасына чейин барат. Түндүк тарабы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө чейин, “Ош” эл аралык аэропорту, Кара-Суу районунун Кенжекул айылы да кирет. Ал эми Чыгыш тараптан Кара-Суу районуна караштуу Учкун, Отуз-Адыр айылдарына чейин жана келечекте жаңы аэропорт курулат деген аянт жакка чейин барат. Түштүк-чыгыш тарабынан Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан Папан суу сактагычынын жанына чейин жетет»,-деген А.Токошев.

Экинчи борбордун аймагын кеңейтүү демилгеси, шаарга жакын жайгашкан райондордун эли шаардын инфраструктурасын колдонуп жаткандыктан көтөрүлгөн дешүүдө. Мисалы, ошол Кара-Суу районуна караштуу айрым айыл өкмөттөрдүн тургундары шаарда анклав катары жайгашып калган. Алар шаардын бардык инфраструктурасын колдонуп келишет.

Негизинен шаардагы райондордун анклавдарынын жалпы аянты 137 гектар болсо, шаарга жанаша жайгашкан айыл өкмөттөрдүн жерлеринин аянты 800дөн ашык гектарды түзөт.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын башкы планы 2016-жылы 29-августта Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайын бекитилген. Ал – шаардын өнүгүү стратегиясын, кеңейүү жолун жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоочу документ болуп эсептелет.

Ал эми көп жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун бекитүү жөнүндө токтом долбоору негиз катары 2023-жылдын 27-декабрь күнү Ош шааардык кеңешинин 13-сессиясында кабыл алынды. Ага 35 депутат макул болду.

Материалды даярдаган: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: жеркалккеңейтүүОш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

23.10.2026
С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

21.07.2026
Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

19.05.2026
Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

05.05.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

21.03.2026
Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

19.02.2026
Депутат Т. Айтиев жарандардын жер тилкеге болгон укугун кайрадан көтөрдү

Депутат Т. Айтиев жарандардын жер тилкеге болгон укугун кайрадан көтөрдү

06.02.2026
Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

12.12.2025
Ооганстанда телекөрсөтүүлөр акырындык менен токтотулуп жатат

Шайлоо болду, шайлоонун эртеси да болду. Эмнелер эсте калды?..

01.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.